Кадамжайдагы үйдөн өрт чыгып, бир киши каза тапты

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүКомандно-штабные учения на стадионе "Казань-Арена"
Командно-штабные учения на стадионе Казань-Арена - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
77 жаштагы кишинин денесинин дээрлик жарымынан көбү күйүп калган. Сөөгүн куткаруучулар укук коргоо органдарына өткөрүп бергени айтылды.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Баткендин Кадамжай районунун Айдаркен шаарчасында турак үйдөн өрт чыгып, бир киши каза тапты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, кечээ, 4-октябрда, саат кечки 17:00дө Масаев көчөсүнүн №7 дарегинде жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бишкек: көп кабаттуу үйдөгү бир батир күйүп кетти. Видео

Кырсыктын кесепетинен 77 жаштагы киши каза тапкан, денесинин 80 пайызы күйүк алган. Ошондой эле турак үйдүн 1,5 чарчы метр полу күйгөн.

Маркумдун сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0