Бишкектеги митингчилерди кууп таратуу - Sputnik Кыргызстан

Бишкектеги митингчилерди кууп таратуу. Азыр эмне болуп жатат: видео, сүрөт

Жазылуу
Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чогулган элди "Ала-Тоо" аянтындагы миңдеген элди милиция менен кууп таратуу башталды.

Эске салсак, бүгүн, 5-октябрда саат 11лер чамасында Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын лидерлери жана өкүлдөрү, жарандар чыккан.

Эл 8-9 сааттан бери борбордук аянттан кетпей турган.

Эске салсак, Кыргызстанда 4-октябрда Жогорку Кеңешке шайлоо өтүп, ага 16 партия катышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан" жана "Бүтүн Кыргызстан" партиялары жети пайыздык босогодон өткөн.

Бүгүнкү митинг боюнча дагы башка онлайн-репортажды бул жерден окусаңыз болот.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
03:13 06.10.2020
02:11 06.10.2020
Беспорядки в Бишкеке после окончания парламентских выборов  - Sputnik Кыргызстан
02:09 06.10.2020
02:06 06.10.2020

Бул тууралуу социалдык тармакка медиаэксперт Авланбек Жумабаев жазды.  

Ранен лидер партии "Мекен Ынтымагы" Темирбек Асанбеков. А ведь президент назначал встречу на завтра. Что бы это значило? Подтвердите...

Опубликовано Джумабаевом Авланбеком Понедельник, 5 октября 2020 г.
01:55 06.10.2020

Бишкектеги Абдрахманов көчөсүндө турган милициянын кордону артка чегинип, Ак үйдүн жанына келди. Ал эми күн батыш тарабынын Чүй проспектисин Исанов көчөсүнө чейин күч түзүмдери кайтарып турат. Киев көчөсүндө эл жүрөт.

01:05 06.10.2020

Биримдик" саясий партиясы Жогорку Кеңештин  шайлоосун кайра өткөрүү жарыяланса, ага катышууга макул.  "Биримдик"  бул кадамга 7% босогону өткөн башка партияларды да чакырат.

Бул туурасында аталган саясий биримдиктин маалымат катчысы Адилет Султаналиев билдирди

00:44 06.10.2020
00:41 06.10.2020
00:30 06.10.2020

Президент Сооронбай Жээнбеков эртең, 6-октябрда, парламенттик шайлоого катышкан 16 партиянын лидерлери менен саат 09.00да жолугууну пландап жатат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Андан мурда жолугушуу саат 11:00гө белгилени кабарланган эле.

 

00:28 06.10.2020
00:18 06.10.2020

 Саат 24:00го карата жарадар болгондордун саны:
№4 оорукана — 65 жарадар, алардын ичинен 40ы күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери. Экөө реанимацияда;
Улуттук госпиталь — 40 жарадар, Экөө реанимацияда;
 №1 шаардык оорукана — 2 жарадар;
Чүй облустук ооруканасы — 7 жарадар;
Улуттук  хирургиялык борбор  — 7 жарадар. 

 

00:12 06.10.2020

"Тез жардам кызматынын эки бригадасына кол салуу болгон. Автоунаанын айнектери талкаланып, фельдшер башынан жаракат алган.  Буга чейин үч автоунаа талкаланып, алты бригадага да кол салуу болгон", - деп билдиришти Бишкек мэриясынан.

00:05 06.10.2020
00:01 06.10.2020
23:54 05.10.2020

Киев-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинин аймагы. Милиция кызматкерлери менен митингчилер эки жаат болуп каршылашып жатышат. "Молотов коктейли" (аралашма кошулган жарылуучу бөтөлкө) колдонулду.

23:49 05.10.2020

Бишкек илим изилдөө травматология жана ортопедия борборунун кызматкерлеринин айтымына караганда бүгүнкү митингден 70ке чукул киши жаракат алып түштү. Бул туурасында аталган борбордун жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирди.

Ситуация в БНИЦТО во время митинга в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
23:44 05.10.2020
23:43 05.10.2020
23:40 05.10.2020

"Ата Мекен" партиясынан талапкер, Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров жаракат алганын өзүнүн Facebook баракчасына ошол эле партиянын мүчөсү Сейтек Качкынбаев жазды.

Элдар Абакировко граната атышты.

Опубликовано Seitek Kachkynbai Понедельник, 5 октября 2020 г.
23:20 05.10.2020
23:18 05.10.2020

Жолугушуу 6-октябрь күнү саат 11:00дө боло турганы айтылды. Эске салсак, шайлоодон өтпөй калган партиялар анын жыйынтыгын тааныбай турганын жар салышкан.

 

Заседание Совета безопасности КР в узком составе - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбеков 16 партиянын лидерлери менен жолугууну пландап жатат
22:49 05.10.2020
22:46 05.10.2020
22:42 05.10.2020

Видео болжол менен саат 22:30дарда Бишкек шаарында тартылган. Кадрдагы адам милиция кызматкерлери сабады деп билдирди. 

22:23 05.10.2020
Митинг в Бишкеке после окончания парламентских выборов  - Sputnik Кыргызстан

Саат 22:00гө карата 16 киши ар кандай жаракат алып ооруканага жеткирилген.
"Бишкек илим изилдөө травматология жана ортопедия борборуна Ыкчам Тез жардам кызматы менен ар кандай жаракат алып төрт адам түшкөн. Улуттук госпиталга Тез жардам кызматы менен 10 киши, №1 шаардык клиникалык ооруканага эки адам жеткирилген", — деп айтылат маалыматта.

Азыркы тапта алардын эмне жаракат алганы такталып жатат

22:09 05.10.2020
Митинг в Бишкеке после окончания парламентских выборов - Sputnik Кыргызстан
22:05 05.10.2020

Митингчилер милиция кызматкерлерин Орозбеков көчөсү менен ылдый, Киев көчөсүнө чейин кууп келишти. Андан соң күч органдарынын экинчи тобун Раззаков көчөсү менен ылдый кууп, ошол эле Киев көчөсүнө чейин жеткиришти. Азыр милиция "Ала-Тоо" аянты жакта кайрадан чогулушту.

22:01 05.10.2020

ИИМ жетекчиси "Ала-Тоо" аянтына келип, орун басары Орозалиев менен сүйлөшүп, андан автоунаасына отуруп кетти.

21:59 05.10.2020
Митинг в Бишкеке после окончания парламентских выборов - Sputnik Кыргызстан
21:58 05.10.2020
Митинг в Бишкеке после окончания парламентских выборов  - Sputnik Кыргызстан
21:52 05.10.2020
21:45 05.10.2020

 "Ала-Тоо" аянтындагы митингчилерди таратуу учурунда эки милиция кызматкери жаракат алды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова кабарлады.

Анын айтымында, укук коргоо органдарына таш тийип, баш мээси чайкалган.

Милиция кызматкерлери Улуттук госпиталга жеткирилгени кошумчаланды.

21:22 05.10.2020
21:16 05.10.2020
21:11 05.10.2020
21:11 05.10.2020
21:10 05.10.2020
21:07 05.10.2020
21:06 05.10.2020
21:02 05.10.2020
21:01 05.10.2020
20:58 05.10.2020
20:56 05.10.2020
Митингге чыккандарды кубалаган милиция кызматкерлеринин саны көбөйө баштады
20:54 05.10.2020
20:52 05.10.2020

Күч органдарынын кызматкерлери митингчилерди "Ала-Тоо" аянтынан элди дээрлик сүрүп чыгарып, Ак үйдүн жанын ээледи. Эл Киев көчөсү, Эркиндик проспектилери талапта кетишти.

20:51 05.10.2020
20:49 05.10.2020
20:49 05.10.2020
Митинг в Бишкеке после окончания парламентских выборов - Sputnik Кыргызстан
20:48 05.10.2020
Митинг в Бишкеке после окончания парламентских выборов - Sputnik Кыргызстан
20:46 05.10.2020

Алыста тургандарга Ак үй тараптан дүңгүрөгөн үндөр угулууда.

20:45 05.10.2020
20:44 05.10.2020
20:44 05.10.2020
20:43 05.10.2020

Ак үйдүн алдына барып, тосмону жулкулдаткан митингчилерди таратуу үчүн кулак тундурган каражаттарды жардырып жатышат.

20:42 05.10.2020
Митинг в Бишкеке после окончания парламентских выборов - Sputnik Кыргызстан
20:40 05.10.2020
Митинг в Бишкеке после окончания парламентских выборов - Sputnik Кыргызстан
20:40 05.10.2020

Митингдегилерди суу бүрккөн автоунаанын жардамы менен кууп жатышканы айтылууда.

20:39 05.10.2020

Ошондой эле Ак үй тарапта куралдын атылышына окшогон тарсылдаган үндөр угулууда.

20:39 05.10.2020

"Ала-Тоо" аянтына чогулган митингчилерди кубалай баштады. Бул тууралуу жеринен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.
Буга чейин милиция өкмөт үйүнүн жанындагы скверге келип орун алганы айтылган эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0