Митингге чыккандар Ак үйдүн дарбазасын талкалоого аракет кылышты

© Sputnik / Эламан Карымшаков"Ала-Тоо" аянтындагы митингчилердин бир бөлүгү Ак үйдүн алдына барып, тосмосуна чыга баштады
Ала-Тоо аянтындагы митингчилердин бир бөлүгү Ак үйдүн алдына барып, тосмосуна чыга баштады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн түшкө чейин "Ала-Тоо" аянтында акырындан эл топтолуп, түштөн кийин шайлоодон утулуп калган сегиз партиянын башын бириктирген ири митингге айланган.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. "Ала-Тоо" аянтындагы митингчилердин бир бөлүгү Ак үйдүн алдына барып, тосмосуна чыга баштады. Бул тууралуу жеринен кабарчы билдирди.

Көп өтпөй айрымдары тосмого чыгып, бирок ары аша алган жок. Ошол эле учурда тосмонун ары жагына таш ыргытып жатышат.

Эске салсак, бүгүн түшкө чейин "Ала-Тоо" аянтында акырындан эл топтолуп, түштөн кийин шайлоодон утулуп калган сегиз партиянын башын бириктирген ири митингге айланган. Алар 4-октябрь күнү өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып, адилеттүүлүктү талап кылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0