Милиция митингчилерди "Ала-Тоо" аянтынан сүрүп чыгарды. Видео

© Sputnik / Эламан КарымшаковАла-Тоо аянтындагы милиция кызматкерлери
Ала-Тоо аянтындагы милиция кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин чогулган эл Ак үйдүн алдына барып, тосмого чейин чыккандар болгон. Ошол эле учурда тосмонун ичине таш ыргытуулар дагы болгон.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Күч органдарынын кызматкерлери митингчилерди "Ала-Тоо" аянтынан дээрлик сүрүп чыгарып, Ак үйдүн жанын ээледи.

Элди качыруу үчүн кулак тундуруучу каражаттар жардырылып, көздөн жаш агызган газ чачылууда.

Качкан митингчилердин арты Киев көчөсү, Эркиндик проспектилерин бойлой жөнөсө, алды ЦУМ (чыгыш тараптан), Исанов менен Чүй көчөлөрүнүн кесилиштерине (батыш тараптан) чейин жетишти.

Эске салсак, бүгүн түшкө чейин "Ала-Тоо" аянтында акырындан эл топтолуп, түштөн кийин шайлоодон утулуп калган сегиз партиянын башын бириктирген ири митингге айланган. Алар 4-октябрь күнү өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып, адилеттүүлүктү талап кылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0