Ата Мекен партиясынын лидери Жанар Акаев

"Ата Мекен" партиясынын лидери Жанар Акаев жаракат алды. Видео

1285
(жаңыланган 21:21 05.10.2020)
Элди качыруу үчүн кулак тундуруучу каражаттар жардырылып, көздөн жаш агызган газ чачылууда.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. "Ата Мекен" партиясынын лидери Жанар Акаев бутунан жаракат алды. Ал бир бутунан аксап келе жаткан видеону социалдык тармакка Жоомарт Асангазиев аттуу колдонуучу жүктөдү. 

Видеодо көрүнүп тургандай, аны эки киши колтуктап келип, жол жээгине отургузушту дагы жаракатын жоолук менен таңышты. Ошол арада ал суу сурап, жанындагылар суу беришти.

1285
Белгилер:
жарадар, шайлоо, Жогорку Кеңеш, Жанар Акаев
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (462)
Тема боюнча
Милиция митингчилерди "Ала-Тоо" аянтынан сүрүп чыгарды. Видео
“Ала-Тоо” аянтында кулак тундурган граната жардырылууда
Бишкектеги митингчилерди кууп таратуу башталды. Түз алып берүү
Автоунаа жол кырсыктан кийин. Архив

Портер талкаланып, айдоочусу жабыркаган. Оштогу үрөй учурган кырсыктын видеосу

69
(жаңыланган 15:56 25.10.2020)
Кырсыктын кесепетинен Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жаракат алып, райондук ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Ош облусунда оор жүк ташуучу унаа менен Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа кагышты.

Кырсыктын видеосу "Короче" Тelegram каналына жарыяланды.

Анда көрүнүп тургандай, жүк ташуучу унааны катуу сүзгөн портер талкаланып калган.

Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлү Алтынбек Теңизбаевдин айтымында, кырсык 23-октябрь күнү саат 11:00дөр чамасында Ош — Араван унаа жолунун 11-чакырымында болгон.

"Араван районунун 29 жаштагы тургуну Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа менен Ош шаарын көздөй келе жаткан. Ал эми Renault үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын 45 жаштагы айдоочусу Араванды карай бараткан. Эки машина жолдун 11-чакырымына келгенде кагышкан. Кырсыктын кесепетинен Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жаракат алып, райондук ооруканага жеткирилген", — деди Теңизбаев.

Кара-Суу: унаадан чыккан өрт эки кичинекей баланын өмүрүн алды

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө органдары тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалды.

69
Белгилер:
жаракат, айдоочу, жол кырсык, Араван району, Ош
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Чүйдө 46 жаштагы аялды коюп кеткен айдоочу колго түштү
Рульга тагынган кишен. Иллюстративдик сүрөт

Чүйдө 46 жаштагы аялды коюп кеткен айдоочу колго түштү

44
(жаңыланган 14:32 25.10.2020)
Үч күндүн ичинде Бишкек — Торугарт унаа жолуна коюлган "Коопсуз шаардын" бардык камералары текшерилип, жыйынтыгында аялды Audi 100 үлгүсүндөгү көлүк сүзгөнү аныкталган.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Чүйдө 46 жаштагы аялды коюп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 20-октябрь күнү болжол менен саат 23:00дө Ивановка айылында 46 жаштагы аялды белгисиз айдоочу сүзүп, из жашырган. Аял алган оор жараатынан улам ошол жерден көз жумган.

Кырсык каттоого алынгандан кийин Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгынын инспекторлору шектүүнү издеп башташкан.

"Үч күндүн ичинде Бишкек — Торугарт унаа жолуна коюлган "Коопсуз шаардын" бардык камералары текшерилген. Жыйынтыгында аялды Audi 100 үлгүсүндөгү көлүк сүзгөнү аныкталып, табылган. Шектүү катары Кемин районунун 51 жаштагы тургуну кармалды. Ал күнөөсүн мойнуна алып, коркуп кеткендиктен кырсык болгон жерден качып кеткенин билдирди", — дешти милициядан.

Кара-Суу: унаадан чыккан өрт эки кичинекей баланын өмүрүн алды

Шектүү Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилсе, автоунаа убактылуу унаа токтотуучу жайга киргизилген. Тергөө иштери уланууда.

44
Белгилер:
өлүм, кырсык, аял, айдоочу, автоунаа, Чүй облусу
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Бишкекте эки машина кагышып, бири оодарылып калды. Видео