Раненный во время разгона митингующих против результатов выборов в Жогорку Кенеш на площади Ала-Тоо в Бишкеке

Митингчилердин бири бутунан жаракат алып канжалап жерде жатат. Сүрөт, видео

466
(жаңыланган 22:02 05.10.2020)
Буга чейин "Ата Мекен" партиясынын лидери Жанар Акаев дагы жаракат алган видео жарыяланган. Митингчилер шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп жатышат.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. "Ала-Тоо" аянтындагы митингчилерди күч органдары кубалап жаткан кезде бир адам жаракат алды. Sputnik агенттигинин кабарчысы окуяны сүрөт, видеого тартып жиберди.

Кадрдан буту канап жерде жаткан кишини көрүүгө болот. Ага бир нече адам жардам берүүгө аракет жасап, жанында турат.

Раненный во время разгона митингующих против результатов выборов в Жогорку Кенеш на площади Ала-Тоо в Бишкеке
© Sputnik / Эламан Карымшаков
Митинг в Бишкеке после окончания парламентских выборов

Буга чейин "Ата Мекен" партиясынын лидери Жанар Акаев дагы жаракат алган видео жарыяланган.

Эске салсак, бүгүн түшкө чейин "Ала-Тоо" аянтында акырындан эл топтолуп, түштөн кийин шайлоодон утулуп калган сегиз партиянын башын бириктирген ири митингге айланган. Алар 4-октябрь күнү өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып, адилеттүүлүктү талап кылууда.

466
Белгилер:
жаракат, митинг, Бишкек
Тема боюнча
Милиция митингчилерди "Ала-Тоо" аянтынан сүрүп чыгарды. Видео

Автомат менен кирип, колуна кишен кийгизип. Камчы Көлбаевди кармаган видео

1377
(жаңыланган 16:35 22.10.2020)
Көлбаевге карата Жазык кодексинин "Кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу" боюнча кылмыш иши козголуп, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевди колго түшүргөн учурдун видеосун жарыялады.

Эске салсак, бүгүн, 22-октябрда, Бишкектеги спорт клубдардын биринен Камчы Көлбаев кармалып, УКМКга алып келинген.

Ага карата Жазык кодексинин 249-беренеси ("Кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу") боюнча кылмыш иши козголуп, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

1377
Белгилер:
кримавторитет, Камчы Көлбаев
Тема боюнча
УКМК Камчы Көлбаев кайсы кылмышы үчүн кармалганын айтты
Камчы Көлбаев кармалды
Спецназдын Ошто кримтөбөлдү кармаган учуру. Видео

Спецназдын Ошто кримтөбөлдү кармаган учуру. Видео

668
Ош облусунда криминалдык чөйрөдөгү адамдардын бири кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлап, кармоо учурун YouTube каналына жарыялады.

Видеодо көрүнүп тургандай, спецназ шектүүнү колго түшүргөндөн кийин жерге жаткырып, колун кишендеп, андан бир нече суммадагы акча каражатын тапкан.

ИИМ билдиргендей, ага чейин жергиликтүү тургун 34 жаштагы жаран опузалап акча талап кылып жатканы боюнча милицияга арызданган. Маалым болгондой, кримтөбөл арыз ээсинен бир нече айдан бери 100 миң сом же беш сотых жер бер деп талап кылып жүргөн.

УКМК Камчы Көлбаев кайсы кылмышы үчүн кармалганын айтты

Милиция кызматкерлери шектүүнү 20-октябрда Кара-Суу районунан колго түшүрүшкөн. Анын криминал чөйрөсүнө тиешеси бар экени аныкталып, ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турары маалым болду. Буга чейин ал Россияда каракчылык үчүн соттолуп чыккан.

668
Белгилер:
видео, кармоо, Ош
Тема боюнча
УКМК Камчы Көлбаев кайсы кылмышы үчүн кармалганын айтты
Россия президенти Владимир Путин

Владимир Путин алгачкы жолу Кыргызстандагы абал тууралуу пикирин айтты

221
(жаңыланган 00:27 23.10.2020)
Россия лидери постсоветтик өлкөлөрдүн калыптанып келе жаткан мамлекеттүүлүгүнө кылдаттык менен мамиле кылууга чакырды.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстанда болуп жаткан нерселер — кыргыз элине түшкөн мүшкүл. Мындай пикирин Россия президенти Владимир Путин "Валдай" эл аралык дискуссия клубунун 17-жыйынында сүйлөп жатып айтты.

"Кыргызстанда болуп жаткан нерселер — кыргыз элине түшкөн мүшкүл. Шайлоолордун арты менен элдик толкундоо келет. Бул эмнеден кабар берет? Көптөгөн өлкөлөр өз мамлекеттүүлүгүнө жаңыдан кадам таштап жатат. Андыктан мен кесиптештериме постсоветтик өлкөлөрдүн калыптанып келе жаткан мамлекеттүүлүгүнө кылдаттык менен мамиле кылууну айтып келем. Бул өлкөлөрдөгү суверенитеттин калыптанып келе жаткан институттарын бузуп албаш үчүн кеп-кеңештерди айтып ички иштерине кийлигишпөө керек. Эл ич ара мамилени өзү калыпка салышы зарыл”, — деди Путин.

Токаев: Кыргызстандагы абалдын турукташуусуна кубанып жатам

Ошондой эле ал Россия Кыргызстан бутуна туруп кетишине жардам берүү үчүн көп нерсе кылганын, кыргыз экономикасына жана башка тармактарына жүз миллиондогон каражаттарды бөлгөнүн айтты.

“Албетте, биз санаа тартпай коё албайбыз. Бирок биз кеңеш берип же кайсы бир саясий күчкө насаатчы болгон жокпуз. Кыргызстанда абал тез арада турукташып, эки элдин достук мамилеси сакталып калат деп үмүт кылам”, — деди Россия лидери.

Ошондой эле ал мурдагы СССРдин курамына кирген өлкөлөрдүн элдери менен көптөгөн жылдар бою бир мамлекеттин алкагында жашагандыктан, ар тараптан жакындыктар бар экенин кошумчалады.

221
Белгилер:
пикир, Владимир Путин, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Путин Коопсуздук кеңеши менен Кыргызстандагы кырдаалды талкуулады