Разгон митингующих против результатов выборов в Жогорку Кенеш на площади Ала-Тоо в Бишкеке

Митингде эки милиция кызматкери жаракат алып, ооруканага түштү

371
(жаңыланган 21:56 05.10.2020)
Жаракат алган милиция кызматкерлери Улуттук госпиталга жеткирилгени кошумчаланды. Укук коргоочуларга таш тийген.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. "Ала-Тоо" аянтындагы митингчилерди таратуу учурунда эки милиция кызматкери жаракат алды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова кабарлады.

Анын айтымында, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине таш тийип, баш мээси чайкалган.

Милиция кызматкерлери Улуттук госпиталга жеткирилгени кошумчаланды.

Буга чейин "Ата Мекен" партиясынын лидери Жанар Акаев бутунан жаракат алып, аксап келе жаткан видеосу тараган.

371
Белгилер:
жабырлануучу, Митинг, Бишкек
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (463)
Тема боюнча
Милиция митингчилерди "Ала-Тоо" аянтынан сүрүп чыгарды. Видео
Митингчилердин бири бутунан жаракат алып канжалап жерде жатат. Сүрөт, видео
"Ата Мекен" партиясынын лидери Жанар Акаев жаракат алды. Видео
Баткен шаары. Архивдик сүрөт

Ош менен Баткенде бүгүн жер силкинди

66
(жаңыланган 11:34 26.10.2020)
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, силкинүүнүн күчү очогунда 4,5 баллга жетип, Ош жана Баткен облустарында сезилген.

БИШКЕК, 26-окт. – Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 26-октябрь күнү, саат 9:10до болгон жер силкинүүнүн күчү очогунда 4,5 баллга жеткен.

Ошто жер титиреди

Жер титирөө Ош облусунун Чоң Алай районунун Кара-Тейит, Карамык, Шибээ айылдарында үч баллга чейин сезилген. Ал эми Баткен облусунун Баткен районунун Тескей, Тунук-Суу, Кан, Сары-Талаа, Жоо-Пая, Кыштут айылдарында 2,5 баллга жеткен.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

66
Белгилер:
жер титирөө, Тажикстан, Баткен, Ош
Тема боюнча
Жарымын шылып кеткендей. Россияда үйдүн жер алдына түшүп кеткен видеосу
Сейсмограф аппаратынын көрсөткүчү. Архив

Ошто жер титиреди

49
(жаңыланган 09:58 26.10.2020)
Силкинүү Алай районунун Иркештам айылында 2,5 балл, Нура айылында 3 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар, кыйроолор жок.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кечээ, 25-октябрда, түндө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Сейсмология институтуна таянып, ӨКМ билдирди.

Саат 23:33тө болгон силкинүү Алай районунун Иркештам айылында 2,5 балл, Нура айылында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бул акыркы үч күндүн ичинде Алай районунда катталган экинчи жер титирөө болду. 23-октябрда болгон жер титирөө Кичи-Каракол, Гежиге, Ак-Жай айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

49
Белгилер:
ӨКМ, Ош облусу, жер титирөө
Тема боюнча
Жалал-Абад облусунун аймагында кайрадан жер титиреди
Бишкек мэриясынын алдындагы митинг

Бишкек мэриясынын алдында кайрадан митинг. Сүрөт

0
Нааразы болгондор жаңы мэр дайындалмайын, күнүгө саат 12:00дө митингге чыга тургандыктарын айтышты.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясынын алдында кайрадан митинг болуп, шаар бышчылыгына жаңы жетекчини дайындоону президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдон талап кылып жатышат.

  • Митингующие у здания мэрии Бишкека, где требуют отставки и.о. мэра Наримана Тюлеева.
    Бишкек мэриясынын алдында кайрадан митинг болуп, шаар бышчылыгына жаңы жетекчини дайындоону президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдон талап кылып жатышат
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • Митингующие у здания мэрии Бишкека, где требуют отставки и.о. мэра Наримана Тюлеева.
    Нааразы болгондор жаңы мэр дайындаламайын, күнүгө саат 12:00дө митингге чыга тургандыктарын айтышты.
    © Sputnik / Эркин Садыков
1 / 2
© Sputnik / Эркин Садыков
Бишкек мэриясынын алдында кайрадан митинг болуп, шаар бышчылыгына жаңы жетекчини дайындоону президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдон талап кылып жатышат
"Бул кишилер 30 жыл ичинде натыйжалуу башкара албагандыгын көрсөткөн, эми кайрадан бийликке келип жатышат. Эски саясатчылардын кайрадан кызматка келүүгө моралдык укугу жок", — деген митингдин катышуучусунун бири.

Алардын бир бөлүгү тарай баштады.

Нааразы болгондор жаңы мэр дайындаламайын, күнүгө саат 12:00дө митингге чыга тургандыктарын айтышты.

Эске салсак, Нариман Түлеев өзүнүн биринчи вице-мэр жана мэрдин милдетин аткаруучулуктан кетүү боюнча жазган арызын кайтарып алып, кызматка кайтып келген.

21-октябрда Бишкек шаардык мэриясынын алдына Түлеевдин калаа башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалышын мыйзамсыз деп эсептегендер митингге чыгып, анын тарапташтары менен чатакташа кеткен. Эртеси Түлеев мэрдин милдетин аткаруудан да, вице-мэрликтен да баш тартып арыз жазган.

0
Белгилер:
митинг, Бишкек мэриясы, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Нариман Түлеев Бишкек мэринин милдетин аткаруучулукка кайтып келди