Митингден канча киши жабыркады? Министрликтин саат 22:00гө карата маалыматы

© Sputnik / Эркин Алымбеков"Ала-Тоо" аянтындагы митингдин катышуучулары жана ИИМ кызматкерлери
Ала-Тоо аянтындагы митингдин катышуучулары жана ИИМ кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы тапта алардын эмне жаракат алганы такталып жатат. Министрлик кошумча маалымат бериле турганын белгиледи.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы митингден канча киши жабыркаганын айтты.

Ага ылайык, саат 22:00гө карата 16 киши ар кандай жаракат алып ооруканага жеткирилген.

"Бишкек илим изилдөө травматология жана ортопедия борборуна Тез жардам кызматы менен ар кандай жаракат алып төрт адам түшкөн. Улуттук госпиталга Тез жардам менен 10 киши, №1 шаардык клиникалык ооруканага эки адам жеткирилген", — деп айтылат маалыматта.

Азыркы тапта алардын кандай жаракат алганы такталып жатат. Министрлик кошумча маалымат бериле турганын белгиледи.

Буга чейин "Ата Мекен" партиясынын лидери Жанар Акаевдин бутунан жаракат алып, аксап келе жаткан видеосу тараган. Ошондой эле эки милиция кызматкерине таш тийип, баш мээси чайкалып ооруканага түшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0