Милиция митингчилерди кайрадан кубалоого аракет жасап жатат. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтындагы ИИМ кызматкерлери
Ала-Тоо аянтындагы ИИМ кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин 22:00гө берген маалыматы боюнча, митингден жабыркап ооруканага 16 адам түшкөн.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Милиция кызматкерлери митингдин катышуучуларын кайрадан кубалоого аракет жасап жатат. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Тартип сакчылар кулак тундурган гранаталарды колдонушууда.

Эске салсак, бүгүн түшкө чейин "Ала-Тоо" аянтында акырындан эл топтолуп, түштөн кийин шайлоодон утулуп калган сегиз партиянын башын бириктирген ири митингге айланган. Алар 4-октябрь күнү өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып, адилеттүүлүктү талап кылды.

Сооронбай Жээнбеков 16 партиянын лидерлери менен жолугууну пландап жатат

Саламаттык сактоо министрлигинин 22:00гө берген маалыматы боюнча, митингден жабыркап ооруканага 16 адам түшкөн.

Мындан сырткары, эки милицияга да таш тийип, баш мээси чайкалганы маалым болду. Буга чейин "Ата Мекен" партиясынын лидери Жанар Акаевдин бутунан жаракат алып, аксап келе жаткан видеосу тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0