"Ата Мекендин" дагы бир мүчөсү Элдар Абакиров жаракат алды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба партии "Ата-Мекен"Кандидат в депутаты ЖК от партии "Ата-Мекен" Эльдар Абакиров
Кандидат в депутаты ЖК от партии Ата-Мекен Эльдар Абакиров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Партиялашынын постунда Абакиров качан жана кайсы жерден жарадар болгону так айтылган эмес. Сүрөттө анын бир буту жана колу таңылып турганын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. "Ата Мекен" партиясынан талапкер, экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров жаракат алганын өзүнүн Facebook баракчасына ошол эле партиянын мүчөсү Сейтек Качкынбаев жазды.

Постто Абакиров качан жана кайсы жерден жарадар болгону так айтылган эмес. Сүрөттө анын бир буту жана колу таңылып турганын көрүүгө болот.

Буга чейин "Ата Мекен" партиясынын лидери Жанар Акаев дагы жаракат алган видео жарыяланган.

Митингчилердин бири бутунан жаракат алып канжалап жерде жатат. Сүрөт, видео

Эске салсак, Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыккан. Милиция аларга каршылык көрсөтүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0