Мекен ынтымагы саясий партиясынын лидери Темирбек Асанбеков. Архив

"Мекен ынтымагы" партиясынын лидери жаракат алды. Сүрөт

1783
Буга чейин "Ата Мекен" партиясынын лидери Жанар Акаев жана партия мүчөсү Элдар Абакиров жаракат алган.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. "Мекен ынтымагы" саясий партиясынын лидери Темирбек Асанбеков жарадар болду. Бул тууралуу медиа-эксперт Авланбек Жумабаев кабарлап, Facebook баракчасына сүрөт жүктөдү.

Буга чейин "Ата Мекен" партиясынын лидери Жанар Акаев жана партия мүчөсү Элдар Абакиров жаракат алган.

Эске салсак, Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыкты. Милиция аларга бир нече сааттан бери каршылык көрсөтүүдө.

1783
Белгилер:
жабырлануучу, "Мекен ынтымагы" партиясы, митинг, Бишкек
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (464)
Тема боюнча
"Биримдик" партиясы шайлоо кайра дайындалса катышууга даяр экенин билдирди
Милиция менен митингчилердин кагылышуусу. Сүрөт баян
Митингчилер милициянын атайын техникасын тартып алып аянтка келишти. Видео
ӨКМ кызматкерлери. Архив

Токмоктун базарында чыккан өрттү толугу менен өчүрүштү

28
(жаңыланган 00:22 29.10.2020)
Токмоктун базарындагы дүкөндөн чыккан жалынды өрт өчүрүүчүлөр болжол менен эки сааттан ашык алышып жатып өчүрүшкөн.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Токмоктогу "Булак" базарынын аймагында эт саткан дүкөндөн чыккан өрттү үч бригада өчүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Тилсиз жоо алгач чектөөгө алынып, андан кийин толугу менен саат 23:29да өчүрүлдү", — деп билдирди маалымат кызматы.

Эске салсак, ӨКМге Токмок шаарынын базарындагы дүкөндөрдүн биринен чыккан тилсиз жоо тууралуу маалымат 19:12де түшүп, ал жерге үч бригада жөнөп кеткени кабарланган.

Министрликтен кырсыктан жабыркагандар жок экендигин айтышты. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 600 чарчы метрге жеткен. 

28
Белгилер:
видео, өрт, базар, Токмок, Кыргызстан
Тема боюнча
Ош шаарындагы өрт: эки киши ооруканага түштү
Өрт өчүрүү учурунда. Архив

Токмокто базар өрттөнүп, аны өчүрүп жатышат. Видео

39
(жаңыланган 23:27 28.10.2020)
Базардагы дүкөндөрдүн бириндеги тилсиз жоо тууралуу маалымат 19:12де түшүп, ал жерге үч бригада жөнөп кеткен.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Токмоктогу "Булак" базарынын аймагындагы жалынды өрт өчүрүүчүлөр чектегендигин ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Өрттүн видеосу "Короче" Telegram-каналына жүктөлгөн.

Базардагы дүкөндөрдүн бириндеги тилсиз жоо тууралуу маалымат 19:12де түшүп, ал жерге үч бригада жөнөп кеткен. Жалынды саат 21:12де чектөөгө алышкан.

39
Белгилер:
видео, өрт, базар, Токмок, Кыргызстан
Тема боюнча
Ош шаарындагы өрт: эки киши ооруканага түштү