Борисов: Тез жардамдын медиктери сабалып, унаасы тонолду

© Sputnik / Мурад Оруджев / Медиабанкка өтүүТез жардам кызматы. Архив
Тез жардам кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Тез жардамдын беш бригадасына кол салуу болуп, эки бригада менен байланыш үзүлгөнү кабарланган.

БИШКЕК, 6-окт. – Sputnik. Дайынсыз болуп жаткан Тез жардам унаасын белгисиз адамдар тоноп, кызматкерлерин сабап кетишкени аныкталды. Бул тууралуу Ыкчам медицина борборунун реанимация бөлүмүнүн жетекчиси Егор Борисов Twitter баракчасына жазды.

“Бир бригада табылды. Медиктер сабалыптыр, азыр ооруканада жатышат. Машина болсо тонолгон. Экинчи бригаданын талкаланган машинасы табылды, бирок медиктер дайынсыз болуп жатат”, - деди Борисов.

Буга чейин бөлүм башчы Тез жардамдын беш бригадасына кол салуу болгонун айтып, эки бригада менен байланыш үзүлгөнүн кабарлаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0