Алаканга салгандай Ак үй, жабыла кирген митингчилер. Фотофакт

1600
(жаңыланган 03:52 06.10.2020)
Митингчилер Ак үйдү алышты. Алардын Жогорку Кеңештин имаратына кирип бара жаткан учурун асмандан тартылган сүрөттөн даана көрө аласыздар.
Алаканга салгандай Ак үй, жабыла кирген митингчилер
© Sputnik / Акылбек Батырбеков

Окуя болгон жерден кабарчыбыз митингчилер Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаевди алып кирип кетишкендигин айтты. 

Захваченный Белый дом митингующими, недовольными парламентскими выборами
© Sputnik / Акылбек Батырбеков
Митингчилер Ак үйдү алышты

"Ала-Тоо" аянтындагы оппозициялык күчтөр буга чейин Жогорку Кеңештин дарбазасына барып, бирок кире алган эмес. Ошол маалда аларды күч органдары кууганга киришкен. 

Захваченный Белый дом митингующими, недовольными парламентскими выборами
© Sputnik / Акылбек Батырбеков
Алардын Жогорку Кеңештин имаратына кирип бара жаткан учурун асмандан тартылган сүрөттөн даана көрө аласыздар
1600
Белгилер:
шайлоо, митинг, Ак үй, фотофакт
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (463)
Тема боюнча
Ак үй алынды. Бишкекте азыр эмне болуп жатат. Сүрөт, видео
Митингчилер Ак үйдүн жетинчи кабатына киргенде. Видео
Автоунаа жол кырсыктан кийин. Архив

Портер талкаланып, айдоочусу жабыркаган. Оштогу үрөй учурган кырсыктын видеосу

103
(жаңыланган 15:56 25.10.2020)
Кырсыктын кесепетинен Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жаракат алып, райондук ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Ош облусунда оор жүк ташуучу унаа менен Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа кагышты.

Кырсыктын видеосу "Короче" Тelegram каналына жарыяланды.

Анда көрүнүп тургандай, жүк ташуучу унааны катуу сүзгөн портер талкаланып калган.

Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлү Алтынбек Теңизбаевдин айтымында, кырсык 23-октябрь күнү саат 11:00дөр чамасында Ош — Араван унаа жолунун 11-чакырымында болгон.

"Араван районунун 29 жаштагы тургуну Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа менен Ош шаарын көздөй келе жаткан. Ал эми Renault үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын 45 жаштагы айдоочусу Араванды карай бараткан. Эки машина жолдун 11-чакырымына келгенде кагышкан. Кырсыктын кесепетинен Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жаракат алып, райондук ооруканага жеткирилген", — деди Теңизбаев.

Кара-Суу: унаадан чыккан өрт эки кичинекей баланын өмүрүн алды

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө органдары тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалды.

103
Белгилер:
жаракат, айдоочу, жол кырсык, Араван району, Ош
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Чүйдө 46 жаштагы аялды коюп кеткен айдоочу колго түштү
Рульга тагынган кишен. Иллюстративдик сүрөт

Чүйдө 46 жаштагы аялды коюп кеткен айдоочу колго түштү

47
(жаңыланган 14:32 25.10.2020)
Үч күндүн ичинде Бишкек — Торугарт унаа жолуна коюлган "Коопсуз шаардын" бардык камералары текшерилип, жыйынтыгында аялды Audi 100 үлгүсүндөгү көлүк сүзгөнү аныкталган.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Чүйдө 46 жаштагы аялды коюп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 20-октябрь күнү болжол менен саат 23:00дө Ивановка айылында 46 жаштагы аялды белгисиз айдоочу сүзүп, из жашырган. Аял алган оор жараатынан улам ошол жерден көз жумган.

Кырсык каттоого алынгандан кийин Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгынын инспекторлору шектүүнү издеп башташкан.

"Үч күндүн ичинде Бишкек — Торугарт унаа жолуна коюлган "Коопсуз шаардын" бардык камералары текшерилген. Жыйынтыгында аялды Audi 100 үлгүсүндөгү көлүк сүзгөнү аныкталып, табылган. Шектүү катары Кемин районунун 51 жаштагы тургуну кармалды. Ал күнөөсүн мойнуна алып, коркуп кеткендиктен кырсык болгон жерден качып кеткенин билдирди", — дешти милициядан.

Кара-Суу: унаадан чыккан өрт эки кичинекей баланын өмүрүн алды

Шектүү Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилсе, автоунаа убактылуу унаа токтотуучу жайга киргизилген. Тергөө иштери уланууда.

47
Белгилер:
өлүм, кырсык, аял, айдоочу, автоунаа, Чүй облусу
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Бишкекте эки машина кагышып, бири оодарылып калды. Видео
Ак үй. Архив

Садыр Жапаров: Ак үйдү оңдоого 450 млн. эмес, 10 эле млн. сом кетет

91
(жаңыланган 16:45 25.10.2020)
Буга чейин депутат Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин имаратын калыбына келтирүү үчүн 450 миллион сомго жакын каражат керектеле турганын айткан.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Ак үйдү оңдоо иштерине 450 миллион сом кетет экен деген маалымат туура эмес. Бул тууралуу Садыр Жапаров Telegram каналы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, 450 миллион сом — бул парламенттик шайлоого жумшалган каражат.

"450 миллион сом Ак үйдү оңдоого кетчү чыгым экен деп адашып айтып жатышат. Имаратты ремонттоого көп каражат кетпейт. Кыдырып баарын көрүп чыктым. 10 миллион сомго жетпеген каражат керектелет. Тапшырмаларды бердим. Жакын арада оңдоо иштери бүтөт", — деп жазды Жапаров.

Эске салсак, буга чейин парламенттин бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү, премьер-министрдин коомдук башталыштагы кеңешчиси Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин имаратын калыбына келтирүү үчүн 450 миллион сомго жакын каражат керектеле турганын айткан.

91
Белгилер:
ремонт, Акылбек Жапаров, Ак үй, Садыр Жапаров
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (463)
Тема боюнча
Депутат: Ак үйдү калыбына келтирүүгө 450 млн. сом керек