Митингчилер Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратына да кирип кетишти

Митингчилер УКМК имаратын да алды. Сүрөт

614
(жаңыланган 04:23 06.10.2020)
Буга чейин алар Ак үйдү алып, жетинчи кабатына чейин чыгышкан. Чогулгандар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу кадырды Ак үйдүн ичине алып киришкен.

БИШКЕК, 6-окт. – Sputnik. Митингчилер Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратына да кирип кетишти.

Буга чейин алар Ак үйдү алып, жетинчи кабатына чейин чыгып, терезеден кагаздарды ыргыткан. Чогулгандар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулун Ак үйдүн ичине алып киришкен.

  • Митингчилер Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратына да кирип кетишти
    © Sputnik
  • уга чейин алар Ак үйдү алып, жетинчи кабатына чейин чыгып, терезеден барактарды ыргыткан
    © Sputnik
  • огулгандар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулун Ак үйдүн ичине алып киришкен.
    © Sputnik
1 / 3
© Sputnik
Митингчилер Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратына да кирип кетишти
614
Белгилер:
имарат, УКМК
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (461)
Тема боюнча
Митингчилер Ак үйдүн жетинчи кабатына киргенде. Видео
Ак үй алынды. Бишкекте азыр эмне болуп жатат. Сүрөт, видео
Алаканга салгандай Ак үй, жабыла кирген митингчилер. Фотофакт

Автомат менен кирип, колуна кишен кийгизип. Камчы Көлбаевди кармаган видео

1324
(жаңыланган 16:35 22.10.2020)
Көлбаевге карата Жазык кодексинин "Кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу" боюнча кылмыш иши козголуп, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевди колго түшүргөн учурдун видеосун жарыялады.

Эске салсак, бүгүн, 22-октябрда, Бишкектеги спорт клубдардын биринен Камчы Көлбаев кармалып, УКМКга алып келинген.

Ага карата Жазык кодексинин 249-беренеси ("Кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу") боюнча кылмыш иши козголуп, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

1324
Белгилер:
кримавторитет, Камчы Көлбаев
Тема боюнча
УКМК Камчы Көлбаев кайсы кылмышы үчүн кармалганын айтты
Камчы Көлбаев кармалды
Спецназдын Ошто кримтөбөлдү кармаган учуру. Видео

Спецназдын Ошто кримтөбөлдү кармаган учуру. Видео

631
Ош облусунда криминалдык чөйрөдөгү адамдардын бири кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлап, кармоо учурун YouTube каналына жарыялады.

Видеодо көрүнүп тургандай, спецназ шектүүнү колго түшүргөндөн кийин жерге жаткырып, колун кишендеп, андан бир нече суммадагы акча каражатын тапкан.

ИИМ билдиргендей, ага чейин жергиликтүү тургун 34 жаштагы жаран опузалап акча талап кылып жатканы боюнча милицияга арызданган. Маалым болгондой, кримтөбөл арыз ээсинен бир нече айдан бери 100 миң сом же беш сотых жер бер деп талап кылып жүргөн.

УКМК Камчы Көлбаев кайсы кылмышы үчүн кармалганын айтты

Милиция кызматкерлери шектүүнү 20-октябрда Кара-Суу районунан колго түшүрүшкөн. Анын криминал чөйрөсүнө тиешеси бар экени аныкталып, ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турары маалым болду. Буга чейин ал Россияда каракчылык үчүн соттолуп чыккан.

631
Белгилер:
видео, кармоо, Ош
Тема боюнча
УКМК Камчы Көлбаев кайсы кылмышы үчүн кармалганын айтты
Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров

Садыр Жапаров ЖК кабыл алган шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамга кол койду

19
(жаңыланган 23:35 22.10.2020)
Бул конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана конституциялык реформа аяктаганга чейин колдонулат.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мыйзам бүгүн, 22-октябрда, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Өзгөртүүлөргө ылайык, “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдын 38 жана 63-беренелеринин колдонулушун токтото туруу каралган. Тагыраагы, конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону өткөрүүнү токтото туруу тартиби регламенттелген.

Президенттик шайлоонун мөөнөтү жылдыбы? Түшүндүрмө

Бирок шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалат деп айтылган.

Бул конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана конституциялык реформа аяктаганга чейин колдонулат.

19
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, шайлоо, мыйзам, Кыргызстан
Тема:
Жогорку Кеңешке боло турган кайра шайлоо
Тема боюнча
Жогорку Кеңеш шайлоо босогосун азайтуу мыйзам долбоорун кабыл алды