Башка чаап, жулкулдатып... Адахан Мадумаров ур-токмокко алынган видео

Жазылуу
Мадумаровду кармап алган бир нече киши ага тап берип, башка чаап жана жулкулдатып автоунааны көздөй жетелеп бара жаткандыгын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров Ак үйдүн жанында сабалгандыгын Facebook баракчасына адвокат Бактыбек Жумашев билдирди.

"Жаңы эле Ак үйдүн жанында Адахан Мадумаров сабалды. Аны Каркыра жайлоосунун сатылышы боюнча айыпташты", — деп жазды Жумашев.

Андан сырткары, мурдагы вице-премьер жана Мамлекеттик каттоо кызматынын экс-жетекчиси Тайырбек Сарпашевдин да сабалгандыгы айтылды. Редакция бул маалыматты тактап жатат. 

Саясатчы Садыр Жапаровду борбордук аянтка алып келишти

Эске салсак, 2008-жылы Жогорку Кеңеш Казакстан менен Каркыра жайлоосунун бөлүгү тууралуу макулдашууну ратификациялаган. Ошол кездеги парламенттин спикери Мадумаров болчу.

Буга чейин "Ала-Тоо" аянтындагы оппозициялык күчтөр Жогорку Кеңештин дарбазасына барып, бирок кире алган эмес. Ошол маалда аларды күч органдары кууганга киришкен. Кийин Ак үйдү алган соң митингчилер УКМКга барып, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди бошотуп кетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0