Учурда Ак үй өрттөнүп жатат.

Ак үй өрттөнүп жатат. Видео

3082
(жаңыланган 07:12 06.10.2020)
Түндө митингчилер Ак үйдү басып алган. Имаратты ээлеп алгандан кийин элди мародерлукка барбоого чакырышкан.

БИШКЕК, 6-окт. – Sputnik. Учурда Ак үй өрттөнүп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы кабарлады.

Сүрөттө көрүнүп тургандай, өрт Жогорку Кеңештин имаратынын үстүнкү кабатынан чыккан.

  •  Горит Белый дом на площади Ала-Тоо
    Учурда Ак үй өрттөнүп жатат.
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
  •  Горит Белый дом на площади Ала-Тоо
    Сүрөттө көрүнүп тургандай, өрт Жогорку Кеңештин имаратынын үстүнкү кабатынан чыккан.
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
  •  Горит Белый дом на площади Ала-Тоо
    Эске салсак, 5-октябрь күнү борбор калаада парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыгып, андан соң күч органдары элди аянттан сүрүп чыгарган. Бирок алар кайра кайтып келип, акыры Ак үйдү алышкан.
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
1 / 3
© Sputnik / Эламан Карымшаков
Учурда Ак үй өрттөнүп жатат.

Эске салсак, 5-октябрь күнү борбор калаада парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыгып, андан соң күч органдары элди аянттан сүрүп чыгарган. Бирок алар кайра кайтып келип, акыры Ак үйдү алышкан.

3082
Белгилер:
Сүрөт, өрт, Бишкек, Ак үй
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (463)
Тема боюнча
Соцтармактагылар тургундарды Бишкекти чогуу тазалоого чакырып жатышат
Башка чаап, жулкулдатып... Адахан Мадумаров ур-токмокко алынган видео
Саясатчы Садыр Жапаровду борбордук аянтка алып келишти
Кубанып, кол булгалаган Садыр Жапаров. Саясатчынын элге чыккан видеосу
Мэрия: Бишкекте 2-6-класстар үчүн окуу процесси белгисиз убакытка жылды
Баткен шаары. Архивдик сүрөт

Ош менен Баткенде бүгүн жер силкинди

66
(жаңыланган 11:34 26.10.2020)
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, силкинүүнүн күчү очогунда 4,5 баллга жетип, Ош жана Баткен облустарында сезилген.

БИШКЕК, 26-окт. – Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 26-октябрь күнү, саат 9:10до болгон жер силкинүүнүн күчү очогунда 4,5 баллга жеткен.

Ошто жер титиреди

Жер титирөө Ош облусунун Чоң Алай районунун Кара-Тейит, Карамык, Шибээ айылдарында үч баллга чейин сезилген. Ал эми Баткен облусунун Баткен районунун Тескей, Тунук-Суу, Кан, Сары-Талаа, Жоо-Пая, Кыштут айылдарында 2,5 баллга жеткен.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

66
Белгилер:
жер титирөө, Тажикстан, Баткен, Ош
Тема боюнча
Жарымын шылып кеткендей. Россияда үйдүн жер алдына түшүп кеткен видеосу
Сейсмограф аппаратынын көрсөткүчү. Архив

Ошто жер титиреди

49
(жаңыланган 09:58 26.10.2020)
Силкинүү Алай районунун Иркештам айылында 2,5 балл, Нура айылында 3 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар, кыйроолор жок.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кечээ, 25-октябрда, түндө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Сейсмология институтуна таянып, ӨКМ билдирди.

Саат 23:33тө болгон силкинүү Алай районунун Иркештам айылында 2,5 балл, Нура айылында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бул акыркы үч күндүн ичинде Алай районунда катталган экинчи жер титирөө болду. 23-октябрда болгон жер титирөө Кичи-Каракол, Гежиге, Ак-Жай айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

49
Белгилер:
ӨКМ, Ош облусу, жер титирөө
Тема боюнча
Жалал-Абад облусунун аймагында кайрадан жер титиреди
Президенттин Иш башкармалыгына жетекчи болуп дайындалган Балбак Түлөбаев. Архив

Балбак Түлөбаев президенттин иш башкармалыгына жетекчи болуп келди

0
(жаңыланган 12:57 26.10.2020)
Түлөбаев 5-октябрдагы элдик толкундоолордон кийин "моралдык укугу жоктугун" айтып, облус башчылык кызматын тапшыруу боюнча арызын жазган.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Президенттин иш башкармалыгына жетекчи болуп Балбак Түлөбаев келди. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Түлөбаев өзү билдирди.

“Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан кеттим. Себеби мага башка жумуш сунушталды. Президенттин иш башкармалыгына бармай болдум”, - деди ал.

Түлөбаев 5-октябрдагы элдик толкундоолордон кийин "моралдык укугу жоктугун" айтып, облус башчылык кызматын тапшыруу боюнча арызын жазган. Бирок анын отставкасын эч ким кабыл алган эмес.

35 жашка чыкпай жогорку кызматты ээлеген аткаминерлер. Тизме

Эске салсак, мындан бир нече ай мурда, тагыраагы, 27-июлда, Түлөбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган эле. Ага чейин Бишкек мэриясынын аппаратын жетектеп турган.

Түлөбаев 2004-2010-жылдары президенттин иш башкармалыгында жетекчинин кеңешчиси жана биринчи орун басар болуп да иштеген.

0
Белгилер:
иш, Балбак Түлөбаев, Кыргызстан
Тема боюнча
Ысык-Көлдө унаа жолун бойлой туристтер үчүн 17 STOP түйүнү курулат
Нариман Түлеев Бишкек мэринин милдетин аткаруучулукка кайтып келди