Бишкек мэринин кабинетин Жоошбек Коеналиев ээлеп алды

© Sputnik / Светлана ФедотоваБишкек мэринин кабинетинде отурган Жоошбек Коеналиев
Бишкек мэринин кабинетинде отурган Жоошбек Коеналиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек муниципалитетинин имаратын эртең менен митингчилер ээлеп алган. Азыр ал жерде элдик кошуундун жүзгө чукул өкүлдөрү жүрөт.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэринин иш кабинетин Жоошбек Коеналиев ээлеп, кабылдамасында калаа башчысы менен жолугууну каалагандардын узун кезеги жаралды.

Бишкек муниципалитетинин имаратын эртең менен митингчилер ээлеп алган. Азыр ал жерде элдик кошуундун жүзгө чукул өкүлү жүрөт.

Оппозициянын катарындагы айрым адамдардын билдирүүсүндө, Коеналиев Азиз Суракматовдун ордуна шаар жетекчиси болууну көздөп жатат. Ал болуп өткөн парламенттик шайлоодон жеңилип калган "Республика" партиясынан депутаттыкка талапкер болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0