Оштогу Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов. Архив

Кара-Сууда эл Тилек Матраимовдун кабинетин басып алган видео тарады

11931
(жаңыланган 13:16 06.10.2020)
Тилек Матраимов 2012-жылдын февраль айынан тарта Кара-Суунун акими болуп иштеп келет. Парламенттик шайлоо алдында анын кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы тууралуу имиштер тараган.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Оштогу Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимовдун кабинетин топ адамдар басып алып, өздөрүнүн акимин дайындаган видео тарады.

Видеодон кепка кийген жигитке жанындагылар каалоо-тилек айтып жатканын угууга болот. Ал эми өзүн аким эсептеген киши шайлоодо партиялар форма №2 колдонуп, мыйзамсыз жеңишке жетишкенин айткан.

Белгилей кетсек, Тилек Матраимов 2012-жылдын февраль айынан тарта Кара-Суунун акими болуп иштеп келет. Парламенттик шайлоо алдында анын кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы тууралуу имиштер тараган. Бирок өкмөттүн Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлү маалыматты төгүндөп, Матраимов эмгек өргүүгө чыкканын билдирген.

11931
Белгилер:
Тилек Матраимов, аким, Кара-Суу шаары
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (464)
Тема боюнча
Бишкек мэриясында абал кандай? Соңку маалымат
Кыргыз эли жол таап кетерине ишенебиз. Казакстан митингдер боюнча үн катты
Оштун мэрине шаардык кеңеш ишенбөөчүлүк көрсөттү. Муниципалитеттин жообу
Жол кырсыктан жаракат алган дарак. Архив

Ысык-Көл ЖКККББнын жетекчи орун басарынын аялы менен кызы жол кырсыктан көз жумду

30
(жаңыланган 10:35 29.10.2020)
Каргаша кечээ Чок-Тал айылында болгон. Анда Балыкчы шаарынын 31 жаштагы тургуну BMW X5 үлгүсүндөгү унааны башкара албай четке чыгып кетип, бакты сүзгөн.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынын айынан аял кызы менен көз жумуп, дагы эки баласы ооруканага жеткирилди. Маалыматты облустук милиция тастыктады.

Ага ылайык, каргаша 28-октябрь күнү Чок-Тал айылында, Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 54-чакырымында болгон. Анда Балыкчы шаарынын 31 жаштагы тургуну BMW X5 үлгүсүндөгү унааны башкара албай четке чыгып кетип, бакты сүзгөн.

Жол кырсыгынын айынан өзү жана анын 11 жаштагы кызы каза тапкан. Ал эми машинадагы 7 жана 5 жаштагы кыздар Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген.

Портер талкаланып, айдоочусу жабыркаган. Оштогу үрөй учурган кырсыктын видеосу

Аталган факт Ысык-Көл райондук милициясынын электрондук журналына каттоого алынып, тиешелүү кароолор жүрүп жатат.

Маалым болгондой, жол кырсыгында Ысык-Көл облусу боюнча Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басарынын жубайы менен кызы көз жумду. Аялы балдары менен Балыкчыдан Караколго бара жаткан.

30
Белгилер:
өлүм, жол кырсык, унаа, кыз, аял, Каракол, Ысык-Көл
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Кара-Суу: унаадан чыккан өрт эки кичинекей баланын өмүрүн алды
Медицина кызматкери. Архивдик сүрөт

Коронавирус дагы 522 кишиден табылып, бир бейтап көз жумду

21
(жаңыланган 10:25 29.10.2020)
Бишкек шаарында жана Баткен, Ош облустарында үч медиктин коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Ошол эле маалда жети кызматкер ооруну жеңип, үйлөрүнө чыгарылды.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Өткөн суткада 522 киши коронавирус жуктуруп алганы аныкталып, оору бир адамдын өмүрүн алган. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 110;
  • Ош – 33;
  • Чүй облусу – 58;
  • Ош облусу – 75;
  • Талас облусу – 26;
  • Нарын облусу – 7;
  • Ысык-Көл облусу – 37;
  • Жалал-Абад облусу – 86;
  • Баткен облусу – 90.

Оштогу жаңы оорукана ноябрдан тарта COVID жуктургандарды дарылай баштайт. Фото

Бир суткада дартты 460 бейтап жеңген. Алар:

  • Бишкек – 91;
  • Ош шаары – 37;
  • Чүй облусу – 41;
  • Ош облусу – 82;
  • Талас облусу – 18;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 29;
  • Жалал-Абад облусу – 90;
  • Баткен облусу – 67.

Тилекке каршы, коронавирустан Баткенде бир бейтап көз жумуп, жалпы каза тапкандардын саны 1 139 болду.

Ал эми оору жуктургандар 57 798ге жетсе, анын ичинен 49 097 бейтап айыкты.

Бир сутка ичинде өлкөдө үч медицина кызматкеринин коронавирус жуктуруп алганы аныкталса, бир суткада үй карантининен жети медкызматкер чыгарылган.

21
Белгилер:
бейтап, өлүм, статистика, оору, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
COVID: инфекция жуктургандардын ичинен 93 адам өтө оор абалда жатат