Оорукана. Архив

Кыргызстанда коронавирустан 3 киши көз жумду

109
(жаңыланган 11:05 07.10.2020)
Жаңы каза болгондор Бишкектен жана Оштон катталды. Жалпысынан марттагы пандемиядан бери жугуштуу оору 1 069 адамдын өмүрүн алып кетти.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Өлкөдө акыркы суткада коронавирустан үч киши акка моюн сунду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Ага ылайык, каза тапкан эки бейтап Ош облусунан жана бирөө Бишкек шаарынан катталды.

Жалпысынан марттагы пандемиядан бери жугуштуу оору 1 069 адамдын өмүрүн алып кетти.

109
Белгилер:
өлүм, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1381)
Тема боюнча
Жээнбеков: мурункудай карантин киргизе албайбыз, эрежени мен баш болуп сактайлы
Адис коронавирустун жаңы белгисиз кесепеттери тууралуу билдирди
ӨКМ кызматкерлери. Архив

Токмоктун базарында чыккан өрттү толугу менен өчүрүштү

29
(жаңыланган 00:22 29.10.2020)
Токмоктун базарындагы дүкөндөн чыккан жалынды өрт өчүрүүчүлөр болжол менен эки сааттан ашык алышып жатып өчүрүшкөн.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Токмоктогу "Булак" базарынын аймагында эт саткан дүкөндөн чыккан өрттү үч бригада өчүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Тилсиз жоо алгач чектөөгө алынып, андан кийин толугу менен саат 23:29да өчүрүлдү", — деп билдирди маалымат кызматы.

Эске салсак, ӨКМге Токмок шаарынын базарындагы дүкөндөрдүн биринен чыккан тилсиз жоо тууралуу маалымат 19:12де түшүп, ал жерге үч бригада жөнөп кеткени кабарланган.

Министрликтен кырсыктан жабыркагандар жок экендигин айтышты. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 600 чарчы метрге жеткен. 

29
Белгилер:
видео, өрт, базар, Токмок, Кыргызстан
Тема боюнча
Ош шаарындагы өрт: эки киши ооруканага түштү
Өрт өчүрүү учурунда. Архив

Токмокто базар өрттөнүп, аны өчүрүп жатышат. Видео

39
(жаңыланган 23:27 28.10.2020)
Базардагы дүкөндөрдүн бириндеги тилсиз жоо тууралуу маалымат 19:12де түшүп, ал жерге үч бригада жөнөп кеткен.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Токмоктогу "Булак" базарынын аймагындагы жалынды өрт өчүрүүчүлөр чектегендигин ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Өрттүн видеосу "Короче" Telegram-каналына жүктөлгөн.

Базардагы дүкөндөрдүн бириндеги тилсиз жоо тууралуу маалымат 19:12де түшүп, ал жерге үч бригада жөнөп кеткен. Жалынды саат 21:12де чектөөгө алышкан.

39
Белгилер:
видео, өрт, базар, Токмок, Кыргызстан
Тема боюнча
Ош шаарындагы өрт: эки киши ооруканага түштү