Парламенттик шайлоо аяктагандан кийин Бишкектеги баш аламандык

Курсан Асанов: Кашкар Жунушалиев митингде таш ыргытыла баштаганда качып кеткен

884
(жаңыланган 20:23 07.10.2020)
Курсан Асанов пандемия учурунда ИИМ жетекчилиги тарабынан көп кемчиликтер кеткен үчүн кызматкерлер катуу жабыр тарканын белгиледи.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Министр Кашкар Жунушалиев 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак үйгө таш ыргыта баштаганда качып кеткен. Бул тууралуу ички иштер министринин убактылуу милдетин аткаруучу жана Бишкек шаарынын коменданты Курсан Асанов Sputnik Кыргызстанга берген маегинде айтты.

Журналист ага милиция өкмөткө пандемия учурундагы кошумча төлөмдөрүн тыңгылыктуу бербегендиги үчүн нааразы болуп, Ак үйдү оңой алдырып ийдиби деген суроо берди.

"Кашкар Жунушалиев митинг болуп жаткан мезгилде ошол жерде болуп, бирок митингчилер таш ыргыта баштаганда качып кеткен. Бул жөнүндө мага анын орун басарларынын бири айтты. Жетекчи болбосо, аягы кандай бүтөрүн билесиңер да. Керек болсо кабинетиндеги буюмдарын алып кетпептир. Бүгүн берип жибердик", — деди Асанов.

Ал эми милициянын өкмөткө таарынычы тууралуу так айтпаса дагы, мурдагы жетекчилик тарабынан төлөмдөр боюнча кемчиликтер кеткенин билдирди.

"Эсиңерде болсо, Жогорку Кеңеште ИИМ пандемия учурунда кошумча төлөм сураган жок деген мааниде кеп тарап кеткен. Албетте, жетекчилик жогору жакка жагалдануу үчүн муну жасады. А бирок катардагы кызматкерлер бала-чакасын кантип багат?" — деди комендант.

Мындан тышкары, ал мурдагы жетекчилик тарабынан пандемияга даярдык жакшы болбой, бир катар милиция кызматкерлерине катуу зыян келгенин кошумчалады.

"Пандемия күч алып турганда биринчи катарда иштеген милиция кызматкерлери үчүн өзүбүздө коргонуучу каражаттар болбоптур. Ошол себептен көпчүлүгү ооруп, катардагы кызматкерлерден тарта жетекчилик курамдагыларга чейин каза болгондор болду. Керек болсо аларды ооруканага жаткыра албай коюшканы айтылып жүрөт", — деди министрдин убактылуу милдетин аткаруучу.

Мындан тышкары, Асанов пандемияга бир гана ИИМ эмес, Кыргызстандагы бардык министрликтер тийиштүү деңгээлде даярданбаганын, мунун айынан көптөгөн кыргызстандыктар каза болгонун кошумчалады.

884
Белгилер:
ИИМ, Курсан Асанов, Кашкар Жунушалиев, милиция, пандемия, Кыргызстан
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (464)
Тема боюнча
Курсан Асанов: жалгыз күнөөм — Атамбаевди тирүү кармаганым
Кыргыз темир жолу ишканасында вагондорду араалап салышкан

Вагондорду араалап салышкан. "Кыргыз темир жолунун" бөлүм башчысы кармалды

145
(жаңыланган 15:26 29.10.2020)
Тергөө маалында аталган ишкананын айрым кызматкерлери темир жол вагондорун уруксат кагаздары жок эле араалап салганы аныкталган.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын Жүктөрдү ташуу жана коммерциялык иштер башкармалыгынын жетекчиси кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деп шектелип кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан (Финансы полициясы) билдиришти.

  • Кыргыз Темир Жолу мамлекеттик ишканасынын Жүктөрдү ташуу жана коммерциялык иштер башкармалыгынын жетекчиси кызматынын кыянаттык менен пайдаланды деп шектелип кармалды
    "Кыргыз Темир Жолу" мамлекеттик ишканасынын Жүктөрдү ташуу жана коммерциялык иштер башкармалыгынын жетекчиси кызматынын кыянаттык менен пайдаланды деп шектелип кармалды
    © Фото / пресс-служба ГСБЭП
  • Тергөө маалында аталган ишкананын айрым кызматкерлери темир жол вагондорун уруксат кагаздары жок эле араалап салганы аныкталган
    Тергөө маалында аталган ишкананын айрым кызматкерлери темир жол вагондорун уруксат кагаздары жок эле араалап салганы аныкталган
    © Фото / пресс-служба ГСБЭП
  • Кармалган жетекчиге бүгүн Биринчи май райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы тандалат
    Кармалган жетекчиге бүгүн Биринчи май райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы тандалат
    © Фото / пресс-служба ГСБЭП
  • Учурда чыгымдын көмөлү такталууда
    Учурда чыгымдын көмөлү такталууда
    © Фото / пресс-служба ГСБЭП
1 / 4
© Фото / пресс-служба ГСБЭП
"Кыргыз Темир Жолу" мамлекеттик ишканасынын Жүктөрдү ташуу жана коммерциялык иштер башкармалыгынын жетекчиси кызматынын кыянаттык менен пайдаланды деп шектелип кармалды

Тергөө маалында аталган ишкананын айрым кызматкерлери темир жол вагондорун уруксат кагаздары жок эле араалап салганы аныкталган.

"Мындан улам мамлекетке материалдык чыгым келтирилген. Шарт боюнча, ишкананын балансында турган мүлк жарактан чыкса Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду менен макулдашуудан кийин гана жок кылынышы керек. Бирок фонд вагондорду жок кылууга уруксат кагазын бербегенин билдирди", — деп айтылат кабарда.

Кармалган жетекчиге бүгүн Биринчи май райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы тандалат.

Учурда чыгымдын көлөмү такталууда.

145
Белгилер:
чыгым, мыйзам, шектүү, коррупция, жетекчи, Кыргыз темир жолу, Кыргызстан
Тема боюнча
Кымырылган 9 млрд. сом: Салык кызматы Финполдун кинеси негизсиз экенин айтты
УКМК: коррупциялык иштерге күбө болгондор үчүн ишеним телефондор иштей баштады
Бишкек ТЭЦи

Авария эмес. "Түндүк электр" Бишкек ТЭЦте эмне болгонун тактады

190
(жаңыланган 15:16 29.10.2020)
Бүгүн, 29-октябрда, Бишкекте массалык түрдө улам-улам жарык өчүп жатат. Нааразычылыктар шаардын чар тарабынан түшүүдө. Калаанын көпчүлүк бөлүгүндө жол чырактар иштебей калды.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкек ТЭЦинде энергетикалык жабдыктын авариялык коргонуучу системасы иштеп кеткен. Буга байланыштуу ал жактан чыккан 110 киловольттук линиянын чыңалуусу жоголуп кеткен. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, ушул эле ишкана буга чейин жарыктын өчүшүнө Бишкек ТЭЦтеги авария себеп болушу ыктымалдыгын кабарлаган.

Белгилей кетсек, Бишкекте саат 13.10дор чамасында массалык түрдө жарык өчө баштады. Анын айынан светофорлор иштебей жол тыгыны жаралды. Ал эми Бишкек ТЭЦтен оргуштап буу чыгып жатат.

Учурда эмне болуп жатканын Sputnik агенттигинин тексттик трансляциясынан окуп, түз эфирден көрүңүздөр.

190
Белгилер:
"Түндүк Электр" ишканасы, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкекте электр кубаты өчүп, ТЭЦтен буу чыга баштады. Учурда эмне болуп жатат
Жарык жапырт өчкөндөн кийинки ТЭЦтеги абал. Видео
"Түндүк электр": жарык ТЭЦтеги аварияга байланыштуу өчүп жатат
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Пакистандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сардар Азхар Тарик Ханды кабыл алды

Министр Пакистандын элчиси менен кара тизмеге кирген ЖОЖдорду талкуулады

0
(жаңыланган 18:17 29.10.2020)
Буга чейин Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизгени айтылган. Тараптар дал ушул маселени талкуулашты.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Пакистандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сардар Азхар Тарик Ханды кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууда тараптар Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизгени боюнча сүйлөшкөн.

"Кыргыз тарап өлкөдөгү медициналык окуу жайларды кара тизмеден чыгаруу маселесин чечүү жолдору боюнча Пакистандын КРдеги элчилигине расмий кат жолдоого милдеттенди. Пакистан тарап бул маселенин тез арада чечилишине жана КРде билим алган пакистандык студенттердин көбөйүшүнө кызыкдар экенин билдирди", — деп жазылат маалыматта.

Министр Бейшеналиев мындан ары министрлик тарабынан ЖОЖдорго эл аралык аккредитациялардан өтүү, чет элдик жарандарга көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатуу жана материалдык-техникалык, лабораториялык-клиникалык базаларды жакшыртуу сыяктуу бир катар талаптар коюла турганын айтты.

Буга чейин Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизгени айтылган.

Болочок медиктерге 90 бюджеттик орун бөлүндү. Вирустун кесепетин эске алып.

Мындан сырткары, жолугушууда билим берүү жана илим тармагындагы өз ара кызматташуу дагы талкууланган.

0
Белгилер:
окуу жай, жолугушуу, элчи, министр, Пакистан, Кыргызстан
Тема боюнча
Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизди. Себеби