Тилек Матраимов чек арадан кармалды

© Фото / пресс-служба Карасуйского акимиатаАким Карасуйского района Тилек Матраимов
Аким Карасуйского района Тилек Матраимов  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тилек Матраимов 2012-жылдын февраль айынан тарта Кара-Суунун акими болуп иштеп келген. Парламенттик шайлоо алдында анын кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы тууралуу имиштер тараган.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов кыргыз-өзбек чек арасынан кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка араганда, Матраимов 6-октябрь күнү кыргыз-өзбек чек арасынан өзбек чек арачылары тарабынан кармалган. Алдын ала маалыматтарга караганда, алар Өзбекстанга дарыя аркылуу өтүп кетишкен. 

Белгилей кетсек, Тилек Матраимов 2012-жылдын февраль айынан тарта Кара-Суунун акими болуп иштеп келген. Парламенттик шайлоо алдында анын кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы тууралуу имиштер тараган. Бирок өкмөттүн Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлү маалыматты төгүндөп, Матраимов эмгек өргүүгө чыкканын билдирген. Парламенттик шайлоодон кийинки нааразычылык акциясы учурунда топ адамдар келип анын кабинетин басып алган

Жаңылыктар түрмөгү
0