"Ала-Тоо" аянтындагы кагылышууда 5 киши жаракат алды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында болгон митингдин катышуучулары
 Бишкектеги Ала-Тоо аянтында болгон митингдин катышуучулары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаракат алгандардын үчөө ооруканага жатты, абалдары орточо оор. Ал эми эки киши амбулатордук түрдө дарыланып жатканы айтылды.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Бүгүн Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында болгон митингде беш киши жаракат алып, Улуттук госпиталга жеткирилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Ага ылайык, үчөө ооруканага жатты, абалдары орточо оор. Ал эми эки киши амбулатордук түрдө дарыланууда.

Аянтка митингге чыккандардын массалык кагылышуусу. Видео

Буга чейин "Форум" мекемесинин алдында чогулуп турган мурдагы президент Атамбаев менен "Республика" партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабановдун тарапташтары "Ала-Тоо" аянтына келишкен. Саясатчылар эл алдына чыгып сүйлөп жатканда эски аянттан Садыр Жапаровдун тарапташтары келген. Алгач биринчи тарап Садыр Жапаровдун колдоочуларын сүрүп чыгарууга аракет кылып, кийин эки жактан тең таш ыргытылып, ызы-чуу башталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0