Киши уруш учурунда. Архив

Интернетке аянтта сабалып канжалап жаткан кишинин видеосу чыкты

1450
(жаңыланган 18:40 09.10.2020)
"Ала-Тоо" аянтындагы митингде алгач Садыр Жапаровдун колдоочуларын сүрүп чыгарууга аракет болгон, кийин эки жактан тең таш ыргытылып, ызы-чуу башталган.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Интернетте бети-башы канжалап, эс-учу жок жаткан кишинин видеосу тарады.

Кадрларда аны бир топ киши тегеректеп алып сүйлөп жатканын көрүүгө болот. Ал жерде Алмазбек Атамбаев, Темир Сариев жана башка саясатчылардын аты аталып, "бул жансакчыны карагыла" деп айтылат.

Ошондой эле "силерди дагы ушундай тагдыр күтүп турат" деген маанидеги сөз айтылат.

"Ала-Тоо" аянтында ок атуу болду. Видео

Буга чейин "Форум" мекемесинин алдында чогулуп турган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен "Республика" партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабановдун тарапташтары "Ала-Тоо" аянтына келишкен. Саясатчылар эл алдына чыгып сүйлөп жатканда эски аянттан Садыр Жапаровдун тарапташтары келди. Алгач биричи тарап Садыр Жапаровдун колдоочуларын сүрүп чыгарууга аракет кылып, кийин эки жактан тең таш ыргытылып, ызы-чуу башталган.

1450
Белгилер:
"Ала-Тоо" аянты, туу, Кыргызстан
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (464)
Тема боюнча
Садыр Жапаровдун тарапташтары кайрадан Өкмөт үйүнө түшүп бара жатат
ӨКМ кызматкерлери. Архив

Токмоктун базарында чыккан өрттү толугу менен өчүрүштү

25
(жаңыланган 00:22 29.10.2020)
Токмоктун базарындагы дүкөндөн чыккан жалынды өрт өчүрүүчүлөр болжол менен эки сааттан ашык алышып жатып өчүрүшкөн.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Токмоктогу "Булак" базарынын аймагында эт саткан дүкөндөн чыккан өрттү үч бригада өчүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Тилсиз жоо алгач чектөөгө алынып, андан кийин толугу менен саат 23:29да өчүрүлдү", — деп билдирди маалымат кызматы.

Эске салсак, ӨКМге Токмок шаарынын базарындагы дүкөндөрдүн биринен чыккан тилсиз жоо тууралуу маалымат 19:12де түшүп, ал жерге үч бригада жөнөп кеткени кабарланган.

Министрликтен кырсыктан жабыркагандар жок экендигин айтышты. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 600 чарчы метрге жеткен. 

25
Белгилер:
видео, өрт, базар, Токмок, Кыргызстан
Тема боюнча
Ош шаарындагы өрт: эки киши ооруканага түштү
Өрт өчүрүү учурунда. Архив

Токмокто базар өрттөнүп, аны өчүрүп жатышат. Видео

38
(жаңыланган 23:27 28.10.2020)
Базардагы дүкөндөрдүн бириндеги тилсиз жоо тууралуу маалымат 19:12де түшүп, ал жерге үч бригада жөнөп кеткен.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Токмоктогу "Булак" базарынын аймагындагы жалынды өрт өчүрүүчүлөр чектегендигин ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Өрттүн видеосу "Короче" Telegram-каналына жүктөлгөн.

Базардагы дүкөндөрдүн бириндеги тилсиз жоо тууралуу маалымат 19:12де түшүп, ал жерге үч бригада жөнөп кеткен. Жалынды саат 21:12де чектөөгө алышкан.

38
Белгилер:
видео, өрт, базар, Токмок, Кыргызстан
Тема боюнча
Ош шаарындагы өрт: эки киши ооруканага түштү