Мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев жана мурдагы премьер-министр Омурбек Бабанов

Жолдубаева: экс-президент Алмазбек Атамбаевге кол салуу болду

5721
(жаңыланган 19:43 09.10.2020)
Буга чейин "Ала-Тоо" аянтында белгисиз адам терезелери караңгылатылган унаага ок аткан видео тараган. Айрым ЖМКлардын жазганына караганда, унаанын ичинде Атамбаев болгон.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге кол салуу болду. Бул тууралуу Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева Facebook баракчасына жазды.

Ал бул боюнча расмий билдирүү бир аздан кийин жарыяланарын белгиледи.

Тилек Токтогазиев "Ала-Тоо" аянтындагы митингден жаракат алды. Видео

Белгилей кетсек, "Ала-Тоо" аянтында белгисиз адам терезелери караңгылатылган унаага ок аткан видео тараган. Айрым ЖМКлардын жазганына караганда, унаанын ичинде Алмазбек Атамбаев болгон.

Буга чейин "Форум" мекемесинин алдында чогулуп турган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен "Республика" партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабановдун тарапташтары "Ала-Тоо" аянтына келишкен. Саясатчылар эл алдына чыгып сүйлөп жатканда эски аянттан Садыр Жапаровдун тарапташтары келди. Алгач биринчи тарап Садыр Жапаровдун колдоочуларын сүрүп чыгарууга аракет кылып, кийин эки жактан тең таш ыргытылып, ызы-чуу башталган.

5721
Белгилер:
курал, кол салуу, Алмазбек Атамбаев
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (464)
Тема боюнча
Интернетке аянтта сабалып канжалап жаткан кишинин видеосу чыкты
Атамбаев менен Бабанов баштаган жоон топ "Ала-Тоо" аянтына келди
ӨКМ кызматкерлери. Архив

Токмоктун базарында чыккан өрттү толугу менен өчүрүштү

29
(жаңыланган 00:22 29.10.2020)
Токмоктун базарындагы дүкөндөн чыккан жалынды өрт өчүрүүчүлөр болжол менен эки сааттан ашык алышып жатып өчүрүшкөн.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Токмоктогу "Булак" базарынын аймагында эт саткан дүкөндөн чыккан өрттү үч бригада өчүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Тилсиз жоо алгач чектөөгө алынып, андан кийин толугу менен саат 23:29да өчүрүлдү", — деп билдирди маалымат кызматы.

Эске салсак, ӨКМге Токмок шаарынын базарындагы дүкөндөрдүн биринен чыккан тилсиз жоо тууралуу маалымат 19:12де түшүп, ал жерге үч бригада жөнөп кеткени кабарланган.

Министрликтен кырсыктан жабыркагандар жок экендигин айтышты. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 600 чарчы метрге жеткен. 

29
Белгилер:
видео, өрт, базар, Токмок, Кыргызстан
Тема боюнча
Ош шаарындагы өрт: эки киши ооруканага түштү
Өрт өчүрүү учурунда. Архив

Токмокто базар өрттөнүп, аны өчүрүп жатышат. Видео

39
(жаңыланган 23:27 28.10.2020)
Базардагы дүкөндөрдүн бириндеги тилсиз жоо тууралуу маалымат 19:12де түшүп, ал жерге үч бригада жөнөп кеткен.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Токмоктогу "Булак" базарынын аймагындагы жалынды өрт өчүрүүчүлөр чектегендигин ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Өрттүн видеосу "Короче" Telegram-каналына жүктөлгөн.

Базардагы дүкөндөрдүн бириндеги тилсиз жоо тууралуу маалымат 19:12де түшүп, ал жерге үч бригада жөнөп кеткен. Жалынды саат 21:12де чектөөгө алышкан.

39
Белгилер:
видео, өрт, базар, Токмок, Кыргызстан
Тема боюнча
Ош шаарындагы өрт: эки киши ооруканага түштү