Sputnik Кыргызстан "Садыр Жапаров кармалды" деген маалыматты жазган эмес. Төгүндөө

© Фото / пресс-служба ЖКЭкс-депутат Садыр Жапаров. Архив
Экс-депутат Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik.kg сайтына шилтеме берип Садыр Жапаров жана "Чемпион" каймана аты бар кримтөбөлдү УКМКнын кармаганы жазылган.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Мессенджерлерде sputnik.kg сайтынын атынан Садыр Жапаровдун кармалганы туурасында тарап жаткан билдирүүгө Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин тиешеси жок. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин шеф-редактору Эркин Алымбеков билдирди.

Фейк маалыматта sputnik.kg сайтына шилтеме берип, Садыр Жапаров жана "Чемпион" каймана аты бар криминалдык төбөлдү УКМКнын кармаганы жазылган. Ошондой эле экс-президент Алмазбек Атамбаевдин автоунаасын аткан адамдын өздүгү аныкталганы, ал Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турганы белгиленген.

"Биздин агенттик Садыр Жапаровдун кармалышы жана Алмазбек Атамбаевдин унаасын аткан адамдын өздүгү аныкталышы тууралуу кабары жок. Фейк маалыматтын мазмунун жана одоно кетирилген каталарды көрүп, текстти кесипкөй эмес адамдар жазганын байкоого болот. Биздин журналисттер мындай кабарларды жазууга жол бербейт", — деп белгиледи Алымбеков.

Эскерте кетсек, бүгүн "Форум" мекемесинин алдында чогулуп турган мурдагы президент Атамбаев менен "Республика" партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабановдун тарапташтары "Ала-Тоо" аянтына келишкен. Саясатчылар эл алдына чыгып сүйлөп жатканда эски аянттан Садыр Жапаровдун тарапташтары келген. Алгач биринчи тарап Садыр Жапаровдун колдоочуларын сүрүп чыгарууга аракет кылып, кийин эки жактан тең таш ыргытылып, ызы-чуу башталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0