Sputnik Кыргызстан агенттегинин логотиби. Архив

Sputnik кеңсесине белгисиз адамдар келип коркутуп, талап коюп кетишти. Видео

873
(жаңыланган 13:42 10.10.2020)
Бир нече мүнөт мурун келген 30га чукул киши эшикти каккылап, кире албай койгон соң "30 мүнөт убакыт беребиз" деп күзөтчүнү тилдеп кетишти.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Садыр Жапаровдун тарапкерлери уюштуруп жаткан митингди чагылдырууну талап кылып, Sputnik Кыргызстан агенттигинин кеңсесине белгисиз адамдар кирүүгө аракет кылды.

Бир нече мүнөт мурун келген 30га чукул киши эшикти каккылап, кире албай койгон соң "30 мүнөт убакыт беребиз" деп күзөтчүнү тилдеп кетишти.

Алар Садыр Жапаровдун тарапташтары өткөрүп жаткан митингди чагылдырууну талап кылууда.

Буга чейин мессенджерлерде sputnik.kg сайтынын атынан Садыр Жапаровдун кармалганы туурасында билдирүү тараган. Кийин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин шеф-редактору Эркин Алымбеков сайтка мындай маалымат чыкпаганын, бул фейк экенин билдирген.

873
Белгилер:
коркутуу, Sputnik Кыргызстан, Бишкек
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (459)
Тема боюнча
Sputnik Кыргызстан "Садыр Жапаров кармалды" деген маалыматты жазган эмес. Төгүндөө
АКШнын Чикагосундагы Trump Tower имараты. Архив

АКШ: "Трамп" имаратында салаңдап турган кишинин Кыргызстандан экени айтылды

400
(жаңыланган 23:52 19.10.2020)
Окуя 13 саатка чукул созулган. Социалдык тармактын бир катар колдонуучулары акциянын демилгечиси Black Lives Matter кыймылынын активисти Эдил Элиев аттуу жигит экендигин айтышты.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. АКШнын Чикагосундагы Trump Tower деп аталган көз жеткис бийик имаратта 13 саат бою аркан менен байланып, салаңдап турган адамдын полицияга багынып бергенин Chicago Tribune жазды.

Буга чейин коомдук тартипти бузган киши асман тиреген имараттын 16 кабатынан белине аркан байланып алып, жекшембиден тарта, болжол менен саат 17:30дан бери илинип тургандыгын жазган. Ал АКШ президенти Дональд Трамптын өзү менен жолугууну ниет кыларын, болбосо өзүн бийиктен таштап жибере тургандыгын айтып коркуткан.

Буту тайып... Бийик имараттын кырында туруп кулап кеткен жигиттин видеосу

"Абал сүйлөшүүлөрдөн улам жакшы жагына чечилди. Шектүү кармалды. Эч ким жабыркаган жок", — деген Чикаго полициясынын кызматкери Том Ахерн.

​Басылманын маалыматына таясак, окуя 13 саатка чукул созулган. Социалдык тармактын бир катар колдонуучулары акциянын демилгечиси Black Lives Matter кыймылынын активисти Эдил Элиев (Eddil Eliev) аттуу жигит экендигин билдиришкен.

Полиция кызматкерлери абалды жөнгө салгыча Trump Tower имаратынын айланасындагы кыймыл токтотулган. Басылма анын тегерек-четине кызыгып келгендердин тобу чогулуп, кээ бирлери "Бэтмен" киносу тартылып жаткан жокпу деген суроолорду да беришкен.

Буга чейин Pledge Times жигиттин курагы 20 жаштын тегерегинде жана ал болжол менен Кыргызстандан экендигин билдирген.

400
Белгилер:
полиция, кыргызстандыктар, Дональд Трамп, АКШ
Тема боюнча
Карантинде Москвадагы мигранттар арасында кылмыштуулук күчөдүбү? Мэрдин жообу
Ооруканада жаткан бейтап. Архивдик сүрөт

Бирөө комадан чыга элек. Митингдеги кагылыштан жабыркагандардын абалы

81
(жаңыланган 16:25 19.10.2020)
5-6-октябрда Бишкекте болгон митингден жабыркап, ооруканага жалпы 1 253 киши кайрылган. Булардын ичинен 39 бейтап дарыланып жатат.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. "Ала-Тоо" аянтындагы кагылышуудан жабыркагандардын бирөө комада. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Эсенбек Жумалиев билдирди.

Анын айтымында, 5-6-октябрда Бишкекте болгон митингден жабыркап, ооруканага жалпы 1 253 киши кайрылган.

"Булардын ичинен ооруканага 272 бейтап жаткырылып, бирөө реанимацияга түшүп, дагы бири көз жумган. 1 043 бейтап амбулатордук дарыланууга жиберилген. Азыркы маалда стационарларда 39 бейтап дарыланып жатат, анын бири комада", — деди Жумалиев.

Ооруканаларда дарыланып жаткан бейтаптардын саны:

  • Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору — 17;
  • Улуттук хирургия борбору — 3;
  • Улуттук госпиталь —15;
  • Бишкек шаардык №1 клиникалык ооруканасы — 1;
  • Чүй облустук ооруканасы — 3;

Башаламандыктан кийинки Ак үйдүн 7-кабаты. Видео

Жумалиев азыркы тапта аларга медициналык жардам көрсөтүлүп, керектүү дары-дармек менен камсыз болгонун кошумчалады.

Эске салсак, 5-октябрда "Ала-Тоо" аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митинг өткөргөн. Кийинчерээк чогулгандар Ак үйдү басып алууга аракет кылып, жыйынтыгында милиция менен митингчилер кагылышып, бир топ адам жабыркап, 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу көз жумган.

81
Белгилер:
ден соолук, бейтап, оорукана, Митинг, кагылыш, аянт
Тема боюнча
Эски аянтта Жогорку Кеңештин тарашын талап кылган митинг өтүүдө. Видео
Жумабеков: аянттагы кагылышууда жабыркагандардын бири комада