Алмазбек Атамбаев кармалды

© REUTERS / VLADIMIR PIROGOVКыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 6-октябрга караган түнү митингчилер тарабынан УКМКнын тергөө абагынан чыгарылган.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. УКМК массалык башаламандыкты уюштуруу фактысы менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди, жан сакчылары Канат Сагымбаев менен Дамир Мусакеевди Кой-Таш айылынан кармады. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлады. 

УКМК Атамбаевди жана анын жардамчыларын ИИМ кызматкерлери менен биргеликте колго түшүргөн.

Учурда мекемелер аралык ыкчам-тергөө тобу тарабынан аталган кылмыштын башка катышуучуларын аныктоого жана камакка алууга багытталган иш-чаралар улантылып жатканы кошумчаланды.

Атамбаевдин эркиндикке чыгышы

5-октябрь күнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор УКМКнын имаратын басып кирип, бир нече саат ичинде абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана башка белгилүү саясатчыларды чыгарып кетишкен.  Эртеси, 6-октябрда, Атамбаев "Форум" мекемесинин алдында элге чыгарын айтып, бирок ден соолугуна байланыштуу келе албай калган

9-октябрда Алмазбек Атамбаев "Республика" партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабанов менен "Форум" мекемесинин алдында сүйлөгөн. Андан кийин саясатчылар тарапташтары менен "Ала-Тоо" аянтына келишкен. Алар эл алдына чыгып сүйлөп жатканда эски аянттан Садыр Жапаровдун тарапташтары келген. Алгач биринчи тарап Жапаровдун колдоочуларын сүрүп чыгарууга аракет кылып, кийин эки жактан тең таш ыргытылып, ызы-чуу башталгандан кийин аянтты Өкмөт үйүнүн алдына келгендер ээлеп алган. 

Атамбаев бул окуяда аны жок кылуу аракети болгонун айтып, автоунаасына тийген октун изин көрсөткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0