Түндө Бишкекте тез жардам унаасы оодарылып, 4 киши жабыркады. Видео

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы 11-октябрга караган түнү саат 2.30дар чамасында Жаманбаев көчөсү менен Чыңгыз Айтматов проспектинин кесилишинде болгон.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Бишкекте түндө Тез жардам кызматынын унаасы оодарылып калды.

Окуянын видеосу "Короче" Telegram каналына жүктөлгөн.

Милициянын кайгуул кызматынын билдиришиче, кырсык 11-октябрга караган түнү саат 2.30дар чамасында Жаманбаев көчөсү менен Чыңгыз Айтматов проспектинин кесилишинде болгон. Анда тез жардам унаасы Mercedes үлгүсүндөгү автоунаа менен кагышкан.

Окуянын кесепетинен төрт адам жабыркап, ар кандай жаракат менен ооруканага жеткирилгени айтылды.

Учурда эки автокөлүк тең убактылуу айып короого киргизилип, тиешелүү экспертиза дайындалды. Жол кырсыгынын себеби такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0