Кара-Көлдө май ташыган унаадан адамдын сөөгү табылып, шектүү аял кармалды

Жазылуу
10-октябрда милицияга Токтогул ГЭСине өтүүчү көпүрөгө жетпеген жерде адамдын өлтүрүлгөнү тууралуу билдирүү түшкөн.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кара-Көл шаарында күйүүчү май ташыган унаанын ичинен киши колдуу болгон адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган кылмышка шектүү катары 37 жаштагы аял кармалган. 10-октябрда саат 19:25тер чамасында Кара-Көл ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Токтогул ГЭСине өтүүчү көпүрөгө жетпеген жерде токтоп турган унаада адамдын өлтүрүлгөнү тууралуу билдирүү түшкөн.

"Тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, DAF үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу унаанын ичинен адамдын сөөгүн тапкан. Алгачкы кароо боюнча маркумдун денесине бир нече жолу учтуу буюм сайылганы аныкталды. Маркум Чүй облусунун тургуну экендиги белгилүү болду. Окуяга шектүү катары Кара-Көл шаарынын тургуну, 37 жаштагы М.А. аттуу аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген", — деп жазылат билдирүүдө.

Милиция: таңда үйгө кирген каракчылар атасын бычактап, кызын өлтүрүп кетишти

Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0