Баңгизатка каршы күрөшүү кызматында атылган ок. Окуянын чоо-жайы

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүПистолеттин октору. Архив
Пистолеттин октору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин ЖМК жана социалдык тармактарга Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жетекчисинин орун басары кол алдындагы кызматкерге ок атты деген маалыматтар тараган.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. 12-октябрда ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жетекчисинин орун басарынын бири менен аталган кызматтын ыкчам өкүлү Р.М. ортосунда чыр чыккан. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Буга чейин ЖМК жана социалдык тармактарга аталган кызматтын жетекчисинин орун басары кол алдындагы кызматкерге ок атты деген маалыматтар тараган болчу.

Маалыматка ылайык, Р.М. саат 11:15те Б.Н. менен болгон чырды жөнгө салуу үчүн мекемедеги кызматтык бөлмөсүнө келген. Айтыша кетишкенден кийин Р.М. аталган кызматтын талабына ылайык өз кабинетине кеткен.

"Мындан кийин Б.Н. жетекчилик кызматтагылар тарабынан көрсөтүлүп жаткан уставдан тыш аракеттерге карата чара көрүү өтүнүчү менен мекеменин жетекчилигине жөнөйт. Бирок ага жеткиче эле тирешүү жүрүп, этиятсыздыктан улам Б.Н. аттуу кызматкерге таандык куралдан ок атылып кеткен. Ок жерге тийген", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кызматтык иликтөө башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0