Бишкектин чок ортосунда кийим саткан дүкөн өрттөнүп кетти. Видео

© Sputnik / Николай Хижняк / Медиабанкка өтүүӨКМ кызматкери өрт өчүрүү учурунда. Архив
ӨКМ кызматкери өрт өчүрүү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМ кызматкерлери өрттү бир саатта өчүрүшкөн. Кырсыктын келип чыккан себептери такталып жатканы айтылды.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Түндө Бишкектин чок ортосунда кийим саткан дүкөн толугу менен күйүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Дүкөн имаратынын жалындап күйүп жаткан видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланган.

Капталы жалбырттап, чатырынан түтүн уюлгуп. Ак үйдөн чыккан өрттүн видеосу

Маалыматка ылайык, кийим саткан жай Чүй проспектисинде (Манас проспекти менен кесилишет) жайгашкан. Өрт жалпы 50 чарчы метр жерди жалмаган.

Азырынча кырсыктын келип чыккан себептери тактала элек. Өрт өчүрүү кызматы кырсык болгон жерге түнкү саат 02:52де барып, 03:50дө өчүргөнү белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0