Төмөнкү Ала-Арчада атасы менен кызын бычактап кеткен шектүүлөр кармалды

© AP Photo / Marcelo RuizАялдын силуэти. Архив
Аялдын силуэти. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда колго түшкөндөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы атасы менен кызынын бычакталышына шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Алдын ала маалыматтар боюнча, каргашалуу окуя кызганычтан улам чыкканы айтылат.

"Шектүү катары саналгандар 31 жаштагы Б.Ж. аттуу аял, анын 28 жаштагы айдоочусу жана 31 жаштагы К.Ч. аттуу жарандар экендиги маалым болду. Алар ИИМдин, Чүй ОИИББдин жана Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылдаттык менен жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында кармалган", — деп айтылат билдирүүдө.

Бишкекте эки милиционерге бычак кезеген кишини ок чыгарып кармашты. Видео

Учурда кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 26-сентябрь күнү болжол менен саат 02:50лөр чамасында Бишкектин четиндеги Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча айылындагы үйлөрдүн бирине бет капчан белгисиз адамдар кирип, 62 жаштагы Т.Ж. аттуу үй ээси менен анын 26 жаштагы Т.А. аттуу кызын бычактап кетишкен. Кыз ошол жерде көз жумган. Ал эми атасы Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине жеткирилген.

Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси ("Киши өлтүрүү") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Кылмыштын бетин ачуу үчүн ИИМдин, Чүй облустук ИИББ жана Аламүдүн РИИБдин тажрыйбалуу кызматкерлеринен ыкчам тергөө тобу түзүлүп, тиешелүү жумуштарды жүргүзүшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0