Чоң Алайда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду

© Sputnik / Зульфия ТургуноваЧоң Алай району. Архив
Чоң Алай району. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер силкинүү райондун бир нече айылында сезилди. Табигый кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ Сейсмология институтунун маалыматына таянуу менен кабарлады.

Жаратылыш кырсыгы кечээ, 19-октябрь күнү, саат 16:17де болгон.

Ала-Букадагы алтын кен ишканасында өрт чыкты. Видео

Жер титирөө Чоң Алай районунун Ачык-Суу, Жайылма айылдарында 2 балл, Кызыл-Эшме, Кара-Шыбак, Жар-Башы айылдарында 3 балл, Кашка-Суу айылында 4 баллга чейин сезилген.

Силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0