БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэринин турак жай-коммуналдык чарба боюнча кеңешчиси, вице-мэр Алимбек Абдылдаев кечээ Финполго сурак берди. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, Абдылдаев "Бишкек жылуулук энергия" коммуналдык ишканасындагы маселе боюнча күбө катары чакыртылган. Вице-мэр иштин ар тараптуу изилдениши үчүн кенен маалымат берген.
Финпол: мурдагы өкмөт башчы Абылгазиев суракка келди
Абдылдаев бүгүндөн тарта кадимкидей иштеп, шаардын чарбалык көйгөйлөрүн чечип жатат.
Эске салсак, Абдылдаев 2011-жылдан 2019-жылга чейин "Бишкек жылуулук энергия" коммуналдык ишканасында эмгектенген.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Бишкек милициясынын маалымат катчысы Улан Жумаков жашы жете элек өспүрүмдү зордуктоого байланышкан видео Кыргызстандан сырт жакта болгонун, өлкөгө тиешеси жок экенин билдирди.
Окуянын видеосу социалдык тармактарда тарады. Жапа чеккен адам кыргызча сүйлөп жаткандыктан, социалдык тармактын колдонуучулары ал кыргызстандык деп айтышууда.
"Иликтөө жана издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аныкталган маалыматтарга ылайык, видео Кыргызстандан сырт жерде тартылган, бул факты биздин өлкөгө тиешеси жок. Кийинчерээк толук маалымат берилет. Баарыңыздарды чагымчылдыкка алдырбай, тастыкталбаган маалыматты таратпаңыздар", — деп Жумаков өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
Ал эми бул боюнча билдирүү тараткан ИИМ видео боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жаткандыгын билдирди.
Анткен менен кыргызстандыктар социалдык тармакта үрөй учурган бул окуя Кыргызстанда болгон деген божомолдорун айтып, пикирлерин калтырып жатат.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Баткен шаарында 23-ноябрдан бери изделип жаткан Мактым Кожонованын сөөгү табылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак билдирди.
Маалыматка ылайык, аялдын сөөгүн өзү жашаган үйдөн 200 метрдей алыс жерде өскөн бүлдүркөндүн арасынан милиция кызматкерлери тапкан. Анын маасысын иттер бакка көтөрүп келип, ошол аркылуу издөө иштери жүргүзүлгөн.
Аялдын сөөгү өлүкканага өткөрүп берилип, экспертиза дайындалганы айтылды.
Баткен ОИИБи ага милиция кысым көрсөткөн деген маалыматтар чындыкка дал келбей тургандыгын билдирген.
Маалым болгондой, 2020-жылдын 19-ноябрында Кожонова өзүнүн 17 жаштагы кызын жашы жете электигине карабастан турмушка узатып жиберген. Аталган факт Баткен ШИИБинде Жазык кодексинин 178-беренеси ("Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. 20-ноябрь күнү Баткен ШИИБине Кожонова жолдошу Мамасадык Рахманов менен суракка чакыртылып, бир саатка жетпеген убакытта кайра кетишкен.23-ноябрда ал үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайрылып келген эмес. Буга чейин ал аял Өзбекстан менен Тажикстандан да изделип жатканы айтылган.
Аялдын алты баласы болгон, эң кичүүсү алты жашта экени айтылды.