Кылмышка шектүүнү кармоо иштери. Архивдик сүрөт

УКМК: кишилерди жалдап террордук максатта Сирияга жөнөткөн канал аныкталды

(жаңыланган 11:10 22.10.2020)
Учурда кишилерди жалдап жана аларды Сирияга жөнөтүүгө катыштыгы бар башка адамдарды аныктап кармоо иштери улантылууда.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстандан Сирия аймагындагы куралдуу чыр-чатактар болгон жерлерге жалдангандарды жөнөтүү каналы аныкталып, ишине бөгөт коюлду. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

20-октябрда жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаранын негизинде, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 39-395-беренесинде каралган ("Жалданмачылыкка аракет кылуу") кылмыш белгилери боюнча кыргызстандык М.М. аттуу жаран кармалган.

Бишкекте элди террордук уюмга азгырган чет элдик кармалды. Сүрөт

"М.М. мурда жихад идеологиясына тартылып, транзиттик жол менен Кыргызстандан Сирияга эл аралык террордук уюмдардын катарына кошулууга жөнөтүлгөн. Учурунда жасалган иш-чаранын натыйжасында жалданган киши Сирияга кетип баратканда кармалып, УКМКнын тергөө-камак абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.

Коопсуздук комитетинен учурда жалдоого жана которуу каналына катыштыгы бар башка адамдар аныкталып, кармоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары улантылып жаткандыгын айтышты.

Белгилер:
аныктоо, кармоо, террорчулук, УКМК, Сирия, Кыргызстан
Тема боюнча
Сирияда согушкан. Ошто эл аралык террордук уюмдун мүчөсү колго түштү
УКМК: Жалал-Абадда эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрү кармалды
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы кар көчкү

Кар көчкүдөн улам Каракол Эңилчек жолу жабылды. Сүрөт

(жаңыланган 09:42 23.04.2021)
ӨКМдин билдиришинче, кар көчкү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна кечээ саат 15:00дөр чамасында түшкөн. Бүгүн жеринде тазалоо иштери уланууда.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кар көчкүдөн улам Каракол — Эңилчек унаа жолу 25-апрелге чейин жабылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

На двух участках в Иссык-Кульской области сошли снежные лавины. 23 апреля 2021 года
© Фото / пресс-служба МЧС КР
Кар көчкүдөн улам Каракол — Эңилчек унаа жолу 25-апрелге чейин жабылды

Кар көчкү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна кечээ саат 15:00дөр чамасында түшүп, жерине тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн №11 жол тейлөө ишканасынан бир жүктөгүч тартылган.

Ушу тапта тазалоо иштери уланууда.

Белгилер:
көчкү, кар, жол, унаа, Эңилчек, Каракол, Ысык-Көл, ӨКМ
Тема боюнча
"Ата-Бейит" комплекси жактагы тоодон өрт чыкты. Видео
Акча санап жаткан аял. Архив

Күйөөсүнүн 5000 долларын коротуп, өзүнө кол салуу уюштурган аял кармалды

(жаңыланган 18:08 22.04.2021)
Милиция буга чейин каракчылык фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон, бирок тергөө учурунда кылмыш болбогону аныкталган.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстандык аял жолдошу жиберген беш миң долларды коротуп салганы үчүн коркуп, өзүнө кол салуу уюштурган. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББден билдиришти.

2020-жылдын 29-декабрында 42 жаштагы Э.Г. аттуу аялдан арыз түшкөн. Анын айтымында, үйүнө бет кап кийген белгисиз эки киши кирип келип сабап, беш миң долларын алып кеткен.

Факты боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө учурунда аял мындай сценарийди мурдагы жолдошу менен ишке ашырганы аныкталган. Тартип сакчылар 42 жаштагы Э.Г. менен 39 жаштагы С.О. деген шектүүлөрдү милициянын бөлүмүнө жеткиргенден кийин алар күнөөсүн мойнуна алышкан.

"Аял жолдошу чет өлкөдөн жиберген акчасын коротуп салгандыктан коркуп ушундай кадамга барганы белгилүү болду", — дешти милициядан.

Учурда тергөө амалдары уланып жатат.

Белгилер:
кылмыш, аял, милиция, Чүй облусу, Кыргызстан
Тема боюнча
Ысык-Атада уурдалды деп милицияны түп көтөрткөн бала досунун үйүнөн табылды
Электромобиль долбоорунун түзүүчүсү жана жетекчиси Дастан Чаргынов

Чаргынов: электромобилдин чыгымы жөнөкөй унаадан 70 эсе аз болот

"Электромобиль" долбоорунун түзүүчүсү жана жетекчиси Дастан Чаргынов аталган унаалардын пайдалуу жактарын атап берди.

Электромобилдердин чыгымы кадимки унаалардан 50-70 пайызга аз. Тактап айтканда, бензинге кетирген акчанын ушунча көлөмүн үнөмдөп калууга болот. Бул тууралуу Дастан Чаргынов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Чаргынов: электромобилдин чыгымы жөнөкөй унаадан 70 эсе аз болот

Анын айтымында, учурда Бишкек шаарында 200дөй электромобиль айдоочулары бар.

"Электромобилдер шаар ичинде айдоого абдан ыңгайлуу. Биринчиден, экологиялык жактан таза жана күйүүчү майга болгон чыгымды үнөмдөйт. Мисалы, автоунааны 100 чакырымга айдап баруу үчүн 500-700 сом каражат жумшалат. Ал эми электромобиль менен ушул эле аралыкка 10-11 сом коротуп, жетип алууга мүмкүн. Мен өзүм аталган унаанын айдоочусумун. Бизде көпчүлүк адамдар алыс жолго чыга албай калабыз деп кооптонушат. Бирок мен бир жолу кубаттап алып, электр унаам менен Балыкчыга чейин жетип алам", — деди Чаргынов.

Ал ошондой эле электромобилдер коопсуздук жагынан кадимки автоунаалардан кем калбай тургандыгын кошумчалады.

Белгилер:
экология, шаар, каражат, электромобиль
Тема боюнча
Кыргызстанда автоунаа импортунун көлөмү эки эсеге азайды