УКМК: Бишкектин Билим берүү башкармалыгы коррупцияга аралашкан

© Sputnik / Жоомарт УраимовАял папкага жазып жатат. Архив
Аял папкага жазып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаанын Билим берүү башкармалыгынын жогорку кызмат адамдары жең ичинен сүйлөшүп, мыйзамсыз иш кылгандыгы айтылды.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгы мамлекеттик сатып алууларды тийиштүү тендер өткөрбөстөн жүргүзүп, анын кесепетинен муниципалитетке 30 миллион сомго жакын зыян келген. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

"2011-2018-жылдары Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгынын жогорку кызмат адамдары ЖЧКлардын биринин өкүлдөрү менен жең ичинен сүйлөшүп алган. Алар лифт агрегаттарын даярдоо, жылуулук, электр энергиясын эсептөө приборлорун техникалык тейлөө, текшерүү боюнча кызматтарды сатып алууну жана ысык, муздак сууну сынаксыз, тийиштүү тендерсиз ишке ашырганы аныкталды", — деп айтылган маалыматта.

УКМК: Евробиримдик берген грантты жеп койгон деп Жогорку соттун өкүлү камалды

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0