Миллиондор... Бишкектеги райондук билим берүү борборунун коррупциялык фактысы

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи взятки в образовательных учреждениях
Случаи взятки в образовательных учреждениях - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кеп Бишкектин райондорунун бириндеги коррупциялык иштер, болжол менен 100 миллион сомго бир аз жетпей калган зыян туурасында болуп жатат.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Борбор калаанын Октябрь райондук билим берүү борборунун ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүлгөндө, алдын-ала эсептөөлөр боюнча муниципалитеттин бюджетине 90 миллион сомдон ашуун зыян келтирилгени аныкталган. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Аталган комитет учурда Бишкек шаарынын Октябрь райондук билим берүү борборундагы коррупция фактысы боюнча кылмыш иши тергелип жаткандыгын билдирди.

УКМК: Бишкектин Билим берүү башкармалыгы коррупцияга аралашкан

"Такталгандай, Бишкек шаарынын Октябрь райондук билим берүү борборунун мурдагы айрым кызматкерлери жергиликтүү бюджеттин акчаларын өзгөчө ири өлчөмдө ээлеп алууда, Октябрь административдик району боюнча муниципалдык администрациясынын орун басары Т.К., Каржы министрлигинин Октябрь райондук башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Н.С. менен жең учунан сүйлөшүп алып иштеп жүргөндүгү аныкталды", — деп айтылган маалыматта.

Кеп болжол менен 100 миллионго бир аз жетпей калган факты туурасында болуп жатат.

"Октябрь райондук билим берүү борборунун ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүлгөндө Бишкек шаарынын мэриясынын бюджетине алдын-ала эсептөөлөр боюнча 90 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген", — деп билдиришти.

30 күн убакыт берем, уурдаган акчаңарды кайтаргыла! Жапаровдун видеокайрылуусу

Мындан эки күн мурда, 21-октябрда, сотко чейинки өндүрүш материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү ("Коррупция") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

УКМКдан учурда бул кылмыш иш боюнча тиешеси барларды жана кылмышка катышкан бардык адамдарды аныктоого багытталган комплекстүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүрүп жаткандыгын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0