Турак жайдагы батирде таштандылар. Архив

Бишкектик аялдын эки бөлмөлүү батиринен беш тонна таштанды чыкты. Видео

4823
(жаңыланган 16:33 23.10.2020)
"Тазалык" ишканасынын кызматкерлери айтылган жерге барып, батирдин ичи таштандыга толуп калганын көрүшкөн. Ал жакта ажаткана жок болгондуктан аял үйүн ажаткана катары колдоно берген.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын тургуну Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан эки бөлмөлүү үйүн таштандыга толтуруп салган. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, эки бөлмөгө болжол менен беш тонна таштанды үйүлүп калган.

"Шаар тургундары коңшусуна нааразы болуп мэрияга кайрылып, анын үйүнөн чыккан жагымсыз жыт башка батирлер менен подъездге чейин жетип жатканын айтышкан. Антисанитариядан улам таракан, курт-кумурскалар көбөйүп кеткен. Ал эми кошуна аял эшигин ачпай, эч ким менен сүйлөшпөй койгон", — деп жазылган билдирмеде.

Маалым болгондой, "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери айтылган жерге барып, батирдин ичи таштандыга толуп калганын көрүшкөн. Батирде ажаткана жок болгондуктан аял үйүн ажаткана катары колдоно берген.

"Азыр таштандыларды алып чыгып жатышат. Үйдү толугу менен тазалаш үчүн 10 рейс жасаш керек. Жеринде милиция кызматкерлери да иштөөдө", — деп айтылат маалыматта.

Дайверлер Ысык-Көлдүн түбүнөн бир тоннадан ашык таштанды алып чыгышты. Сүрөт

Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, эки жыл мурда ушул эле батирден бир нече тонна таштанды чыгарылган.

4823
Белгилер:
тазалоо, ажаткана, таштанды, батир, Бишкек мэриясы
Тема боюнча
Митингчилер коргонуш үчүн таштанды челектерди өрттөшкөн. Аянтта тартылган видео
Бишкекте жаңы конуштун тургундары мектептин жанына таштанды үйүп салышкан
Автоунаа жол кырсыктан кийин. Архив

Ысык-Көлдө унаа бакты сүзүп, бир аял каза тапты. Жеринен тартылган сүрөт

57
(жаңыланган 13:28 25.01.2021)
Mercedes-Benz Sprinter жолдон чыгып кетип бакты сүзгөн. Унаа ичинде айдоочу жана 17 жүргүнчү болгон.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кечээ, 24-январда, Ысык-Көл облусунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Mercedes-Benz Sprinter съехал с дороги и врезался в дерево на автодороге Каракол — Бишкек, недалеко от села Курмонту Тюпского района. 24 января 2021 года
© Sputnik
Кечээ, 24-январда, Ысык-Көл облусунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти

Жол кырсыгы Каракол — Бишкек унаа жолунда, Түп районундагы Күрмөнтү айылынан анча алыс эмес жерде болгон.

"Mercedes-Benz Sprinter жолдон чыгып кетип бакты сүзгөн. Анын ичинде айдоочу жана 17 жүргүнчү болгон. Кырсыктын кесепетинен бир аял көз жумду”, — деп айтылат маалыматта.

Жаракат алган жети киши тийиштүү жардам алып жатат. Алардын арасындагы алты жаштагы бала реанимацияда болсо, калгандары палатада.

57
Белгилер:
жол кырсык, Ысык-Көл
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Анжелика менен кызы реанимацияда. Кичүү кызына бүгүн операция жасалат
Курулуш иштери. Архив

Алайда спорт зал менен ашкана курууда акча уурдалып, курулуш токтоп калган

23
(жаңыланган 13:15 25.01.2021)
Орто мектептин спорт залы менен ашканасын куруу үчүн мамлекет тарабынан өз убагында акча бөлүнүп берилсе да, 5 жылдан бери курулуш иши бүтпөй жатканы аныкталган.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Алай районунун Сары-Могол айылында жайгашкан орто мектепке спорт зал жана ашкана куруу үчүн мамлекеттен бөлүнгөн акчанын бир бөлүгү уурдалып кеткен. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, курулуш иштерин баштоо үчүн 2015-жылы тендер өткөрүлүп, жеңүүчү компанияга 24 млн. 202 миң 850 сом алдын ала төлөнгөн.

"Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жеңүүчү компанияга акча каражаты толугу менен которулуп, бирок 5 жылдан бери аталган орто мектептин спорт залын жана ашканасын куруу иштери токтоп калган. Натыйжада мамлекетке 6 млн. 382 миң 225 сомдук материалдык зыян келтирилген", — деп жазылат маалыматта.

Текшерүүнүн жыйынтыгында райондук прокуратура тарабынан аталган факт боюнча Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

23
Белгилер:
Алай району, прокуратура, курулуш, мектеп
Тема боюнча
Финпол: Балыкчыга камера орнотууда 3 млн. сом сол чөнтөккө солонгон

Коронавирустун "британиялык" штаммынын алгачкы сүрөтү алынды

0
(жаңыланган 13:49 25.01.2021)
Микроскоптун жардамы менен алынган вирустун сүрөтү жаңы штаммдын өзгөчөлүктөрүн изилдөө үчүн тартылып алынды.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Роспотребнадзордун окумуштуулары алгычкы ирет микроскоптун жардамы менен коронавирустун жаңы, "британиялык" штаммынын сүрөтүн тартып алды.

"Роспотребнадзордун "Вектор" илимий борбору дүйнөдө алгачкылардан болуп 2020-жылдын декабрында бейтаптан алынган коронавирустун "британиялык" штаммын сүрөткө тартып алды. Микроскоптун жардамы менен алынган вирустун сүрөтү жаңы коронавирустун өзгөчөлүгүн изилдөө үчүн тартылды. Эми анын структурасы, эксперименталдык моделдери изилденет ", — деп айтылат маалыматта.
Первое изображение британского штамма нового коронавируса
Роспотребнадзордун окумуштуулары алгычкы ирет микроскоптун жардамы менен коронавирустун жаңы, "британиялык" штаммынын сүрөтүн тартып алды

Роспотребнадзордун институттары тарабынан иштелип чыгып, Россияда катталган ПЦР-тесттер вирустун британиялык вариантын ишенимдүү аныктай алары белгиленет. Ал эми мекеменин Борбордук эпидемиология илим-изилдөө институтунун тест-системасы вирусту мутант эмес формалардан айырмалоого жөндөмдүү.

"Коронавирустун "британиялык" штаммына мүнөздүү мутациялар вирустагы протеиндин консервацияланган бөлүкчөсүнө таандык пептиддик антигендерди камтыган "ЭпиВакКорона" вакцинасынын натыйжалуулугуна таасирин тийгизбейт", — деп айтылат билдирүүдө.

Декабрь айынын орто ченинде Улуу Британияда SARS-CoV-2 илдетинин жаңы мутациясын табышкан. Кийинчерээк ал тездик менен тарап жатканы, буга чейинки вируска караганда жугуштуулугу 70 пайызга тез экени маалым болгон. Деген менен адам өлүмү көп катталган учур жок.

0
Белгилер:
Роспотребнадзор, коронавирус, изилдөө, Сүрөт
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Коркуу, тынчсыздануу коронавируска кабылуунун себептеринин бири экени айтылды
Пандемия учурунда балалуу болобуз дегендерге адистин кеңеши