Кара-Көлдө жүк ташуучу унаа менен Mazda сүзүшүп, экөө тең жарабай калды

© Sputnik / Зульфия ТургуноваДТП на трассе Бишкек — Ош
ДТП на трассе Бишкек — Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу жаракат алып, Таш-Көмүр шаардык ооруканасына жеткирилген.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Бүгүн, 23-октябрь күнү, Кара-Көл шаарынын аймагында эки автоунаа кагышып, бир айдоочу Таш-Көмүр шаардык ооруканасына жеткирилди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлү Айбек Сатыбалдиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, окуя саат 7:30дар чамасында Бишкек — Ош жолунун 409-чакырымында болгон. 

© Sputnik / Зульфия ТургуноваБүгүн, 23-октябрь күнү, Кара-Көл шаарынын аймагында эки автоунаа кагышып, бир айдоочу Таш-Көмүр шаардык ооруканасына жеткирилди
Кара-Көлдө жүк ташуучу унаа менен Mazda сүзүшүп, экөө тең жарабай калды - Sputnik Кыргызстан
Бүгүн, 23-октябрь күнү, Кара-Көл шаарынын аймагында эки автоунаа кагышып, бир айдоочу Таш-Көмүр шаардык ооруканасына жеткирилди

Талас облусундагы Бакай-Ата районуна караштуу Миң-Жыгач айылынын 29 жаштагы тургуну Skania үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасын Бишкектен Ошту көздөй айдап бараткан. Чукул бурулушка келгенде унааны башкара албай, каршы тилкедеги Mazda үлгүсүндөгү унааны сүзүп токтогон.

Токтогулдагы жол кырсыгы үч адамдын өмүрүн алды. Алтоо ооруканада

Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу жаракат алган.

Кагылышкан эки автоунаа тең жарактан чыкты. Алар кырсыктаганда Бишкек — Ош жолун жаап калган. Учурда талкаланган автокөлүктөр жол четине чыгарылып, эки тараптуу кыймыл ачылды.

Бул факты боюнча тиешелүү экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0