Убактылуу камак. Архивдик сүрөт

Камчы Көлбаев камакка алынды

384
(жаңыланган 12:09 24.10.2020)
Көлбаев Кылмыш-жаза кодексинин 249-беренесинин 1-бөлүгү менен ушул жылдын 22-октябрында Бишкектен кармалган.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Камчы Асанбек (Көлбаев) тергөө иштери бүтмөйүн камакта болот. Биринчи май райондук сотунун чечими тууралуу УКМК билдирди.

Эскерте кетсек, Көлбаев Кылмыш-жаза кодексинин 249-беренесинин 1-бөлүгү менен ("Уюшкан кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу") ушул жылдын 22-октябрында Бишкектен кармалган

"Биринчи май райондук сотунун чечими менен Көлбаев тергөө жүрүп жаткан маалда УКМКнын тергөө абагына камакка алынды", — деп айтылат маалыматта.

Чечим кечээ, 23-октябрда, чыкканы белгилүү болду.

384
Белгилер:
абак, тергөө, УКМК, кылмыш, Камчы Көлбаев
Тема:
Камчы Көлбаевдин кармалышы (11)
Тема боюнча
Кримтөбөл Камчы Көлбаев УКМКнын тергөө абагына киргизилди
Автомат менен кирип, колуна кишен кийгизип. Камчы Көлбаевди кармаган видео
Кармалган киши кишенчен. Архив

Бука сатып берем деген. Ошто элди 1,5 млн. сомго алдап кеткен адам кармалды

83
(жаңыланган 13:55 27.11.2020)
Элди алдап жүргөн адам Аравандын Кайрагач-Арык айылынын 38 жаштагы тургуну болуп чыкты. Учурда ал Араван РИИБинин убактылуу кармоочу жайында.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Ош облусунун Араван районунда жашоочулардан ири өлчөмдөгү акча алып, бербей качып жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Анын айтымында, милицияга Ош облусунун жана Ош шаарынын жети тургуну арыз менен кайрылган. Алар Аравандын К.Г. аттуу тургуну багылган букаларын сатып, акчасын берем деп алдап, качып жүргөнүн билдиришкен.

Жалпы келтирилген чыгым 1 миллион 558 миң 800 сомду түзгөн.

"Аталган арыз боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүрүп, жыйынтыгында Аравандын Кайрагач-Арык айылынын 38 жаштагы К.Г. аттуу тургуну кармалды. Ал Ош облусунда адамдардын ишеничине кирип, алдамчылык менен алектенип жүргөн", — деди Ашырбаев.

Колго түшүрүлгөн киши Араван РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканы айтылды.

83
Белгилер:
милиция, арыз, мал, алдамчылык, Араван району, Ош
Тема боюнча
Ошто тепкичтен автоунаа менен чыккан адам мурдагы милиционер экени такталды. Видео
 Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү, президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары рангындагы Курманбек Дыйканбаев. Архивдик сүрөт

Президенттин ЖКдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев эки айга камалды

63
(жаңыланган 13:01 27.11.2020)
Дыйканбаев парламенттик шайлоо маалында мамлекеттик ишкананын жетекчисин коркутуп, андан 7 миллион сом алган деп айыпталууда.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү, президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары рангындагы Курманбек Дыйканбаев эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.

Дыйканбаевдин баш коргоо чарасы кечээ, 26-ноябрда, аталган сотто тандалган. Ага ылайык, кийинки жылдын 24-январына чейин тергөө абагына киргизүү чечими кабыл алынган болчу.

Курманбек Дыйканбаев кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен айыпталууда. УКМКнын билдиришинче, ал октябрдагы парламенттик шайлоо өнөктүгү маалында стратегиялык маанидеги мамлекеттик ишкананын башчысын бир партиянын кызыкчылыгы үчүн 7 миллион сом берүүгө мажбурлаган. Эгер баш тарта турган болсо, кызматтан кетирерин айтып коркутканы тергөөдө аныкталган.

63
Белгилер:
тергөө абагы, тергөө, сот, Курманбек Дыйканбаев
Тема боюнча
Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиев эки айга тергөө абагына камалды
УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев. Архив

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары алтын аткезчилиги боюнча суракка чакырылды

0
(жаңыланган 23:02 27.11.2020)
Эске салсак, Дүйшөнбек Чоткараев 2016-2018-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары болуп Коррупцияга каршы кызматты жетектеген.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев УКМКга алтын аткезчилиги боюнча тергөө амалдарына катышуу үчүн чакырылды. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, иштин чоо-жайы тууралуу тергөө амалдарынан кийин айтылат.

Эске салсак, Дүйшөнбек Чоткараев 2016-2018-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары болуп Коррупцияга каршы кызматты жетектеген.

Учурда ал президенттикке талапкерлердин бири Абдил Сегизбаевдин штабын координациялап жатат.

0
Белгилер:
аткезчилик, алтын, Дүйшөнбек Чоткараев, УКМК
Тема боюнча
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ооруканага түштү
УКМК башчысы Матраимовдун өкүл баласын кабыл алды. Видео