Бишкекте айдоочу милицияга ойдон чыгарылган комитеттин документин көрсөткөн. Сүрөт

CC0 / Pixabay / SplitShireКиши автоунааны айдап бара жатат. Архив
Киши автоунааны айдап бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайгуул кызматынын милиционерлери Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Документтерди текшерүү учурунда 27 жаштагы киши өзүн кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде иштей турганын айтып, күбөлүгүн көрсөткөн.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Өзүн кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде иштейм деп тааныштырган айдоочу жасалма документ менен кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

© Фото / пресс-служба УПСМ БишкекаПоддельное удостоверение, которое водитель предъявил сотрудникам милиции. 25 октября 2020 года
Өзүн кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде иштейм деп тааныштырган айдоочу жасалма документ менен кармалды - Sputnik Кыргызстан
1/2
Өзүн "кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде иштейм" деп тааныштырган айдоочу жасалма документ менен кармалды
© Фото / пресс-служба УПСМ БишкекаВодитель предъявивший патрульным милиционерам поддельное удостоверение при остановке его машины в Бишкеке. 25 октября 2020 года
Билдирмеге ылайык, окуя 25-октябрга караган түнү болжол менен саат 01:40тар чамасында Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишинде болгон - Sputnik Кыргызстан
2/2
Билдирмеге ылайык, окуя 25-октябрга караган түнү болжол менен саат 01:40тар чамасында Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишинде болгон
1/2
Өзүн "кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде иштейм" деп тааныштырган айдоочу жасалма документ менен кармалды
2/2
Билдирмеге ылайык, окуя 25-октябрга караган түнү болжол менен саат 01:40тар чамасында Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишинде болгон

Билдирмеге ылайык, окуя 25-октябрга караган түнү болжол менен саат 01:40тар чамасында Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишинде болгон.

"Кайгуул кызматынын милиционерлери Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Айдоочунун документтерин текшерүү учурунда 27 жаштагы киши кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде иштей турганын айтып, күбөлүгүн көрсөткөн. Анын автоунааны мас абалында башкарып бара жатканы да аныкталган", — деп айтылат маалыматта.

Териштире келгенде КРде андай комитет жок экени маалым болгон.

Аталган факты Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 359-беренеси ("Жасалма документ") боюнча иш козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Иши жеңилдеди. Патрулдук милиция айдоочуларды эми планшет менен текшерет

Ал эми автоунаа убактылуу токтотуучу жайга киргизилген. Айдоочунун жасалма документ боюнча иши Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0