Ошто жер титиреди

© AFP / CHRISTIAN MIRANDAСейсмограф аппаратынын көрсөткүчү. Архив
Сейсмограф аппаратынын көрсөткүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Силкинүү Алай районунун Иркештам айылында 2,5 балл, Нура айылында 3 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар, кыйроолор жок.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кечээ, 25-октябрда, түндө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Сейсмология институтуна таянып, ӨКМ билдирди.

Саат 23:33тө болгон силкинүү Алай районунун Иркештам айылында 2,5 балл, Нура айылында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бул акыркы үч күндүн ичинде Алай районунда катталган экинчи жер титирөө болду. 23-октябрда болгон жер титирөө Кичи-Каракол, Гежиге, Ак-Жай айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0