Ош менен Баткенде бүгүн жер силкинди

© Sputnik / Эмиль СадыровГород Баткен. Баткенская область
Город Баткен. Баткенская область - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, силкинүүнүн күчү очогунда 4,5 баллга жетип, Ош жана Баткен облустарында сезилген.

БИШКЕК, 26-окт. – Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 26-октябрь күнү, саат 9:10до болгон жер силкинүүнүн күчү очогунда 4,5 баллга жеткен.

Ошто жер титиреди

Жер титирөө Ош облусунун Чоң Алай районунун Кара-Тейит, Карамык, Шибээ айылдарында үч баллга чейин сезилген. Ал эми Баткен облусунун Баткен районунун Тескей, Тунук-Суу, Кан, Сары-Талаа, Жоо-Пая, Кыштут айылдарында 2,5 баллга жеткен.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0