Бишкекте коронавирустан эки киши көз жумду

© REUTERS / Sergio Perez / File PhotoСитуация в Испании из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Испании из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушуну менен COVID-19 Кыргызстанда 1 136 адамдын өмүрүн алды. Жалпысынан оору жуктургандардын саны 56 738ге жетсе, анын 48 223ү дартты жеңип, айыкты.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө коронавирустан эки адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, көз жумган бейтаптын экөө тең Бишкек шаарынан.

Ушуну менен COVID-19 Кыргызстанда 1 136 адамдын өмүрүн алды.

Күндөн-күнгө азаюуда. Бишкектин ооруканаларындагы бош орундардын саны

Жалпысынан оору жуктургандардын саны 56 738ге жетсе, анын 48 223ү дартты жеңип, айыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0