ӨКМ кызматкерлери өрт учурунда. Архив

Ош шаарында батир өрттөнүп, куткаруучулар 60 адамды эвакуациялады. Сүрөттөр

223
(жаңыланган 16:28 27.10.2020)
Калаадагы көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт саат 15:05те чектөөгө алынып, саат 15.34тө толугу менен өчүрүлдү.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Ош шаарындагы көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыгып, 60 адам эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

  • Эвакуация жителей многоквартирного дома в Оше, на четвертом этаже которого горит квартира
    Ош шаарындагы көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыгып, 60 адам эвакуацияланды
    © Фото / пресс-служба МЧС
  • Эвакуация жителей многоквартирного дома в Оше, на четвертом этаже которого горит квартира
    Билдирмеге караганда, бүгүн калаанын Алай көчөсүнүн №35 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 4-кабатындагы батир күйгөн
    © Фото / пресс-служба МЧС
  • Эвакуация жителей многоквартирного дома в Оше, на четвертом этаже которого горит квартира
    Жалын саат 15:05те чектөөгө алынып, саат 15.34тө толугу менен өчүрүлдү
    © Фото / пресс-служба МЧС
  • Эвакуация жителей многоквартирного дома в Оше, на четвертом этаже которого горит квартира
    Өрт чыккан подъездде жашаган 60 адам куткаруучулар тарабынан эвакуацияланган
    © Фото / пресс-служба МЧС
  • Эвакуация жителей многоквартирного дома в Оше, на четвертом этаже которого горит квартира
    Бактыга жараша, жабыркагандар жок
    © Фото / пресс-служба МЧС
1 / 5
© Фото / пресс-служба МЧС
Ош шаарындагы көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыгып, 60 адам эвакуацияланды

Билдирмеге караганда, бүгүн калаанын Алай көчөсүнүн №35 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 4-кабатындагы батир күйгөн.

Жалын саат 15:05те чектөөгө алынып, саат 15.34тө толугу менен өчүрүлдү.

Өрт чыккан подъездде жашаган 60 адам куткаруучулар тарабынан эвакуацияланган. Бактыга жараша, жабыркагандар жок.

223
Белгилер:
эвакуация, куткаруу, батир, Ош шаары, өрт
Тема боюнча
Бишкектин чок ортосунда кийим саткан дүкөн өрттөнүп кетти. Видео
Кадамжайдагы үйдөн өрт чыгып, бир киши каза тапты
Пострадавший автомобиль в дтп на штрафстоянке в Бишкеке

Кочкордо жылкы сүзүп кырсыктаган автоунаадагы 19 жаштагы кыз каза болду

147
(жаңыланган 10:17 24.11.2020)
Окуя кечээ кечинде Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда катталган. Кырсыктан дагы үч кишинин жабыркаганы айтылат.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Нарындын Кочкор районунда жылкыны сүзүп кырсыкка кабылган автоунаадагы бир жаран каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Окуя кечээ кечинде Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда катталган.

"Кочкор районундагы Төлөк айылында 23-ноябрь күнү саат 22:10до Nexia унаасынын айдоочусу жылкыны сүзүп жолдон чыгып кеткен. Кырсыктан 19 жаштагы бир кыз каза болуп, 27, 23 жана 21 жаштардагы үч эркек адам жабыркаган", — деп айтылат маалыматта.

Жерине ӨКМдин №42 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, каза болгон жаранды унаадан чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

147
Белгилер:
ӨКМ, Нарын, өлүм, кырсык, автоунаа
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Элчибек Жантаев бараткан унаа оодарылып кетти
Убактылуу кармоочу жайы. Архив

Жеткинчекти сабады делген өгөй ата убактылуу кармоочу жайга киргизилди

126
(жаңыланган 19:28 23.11.2020)
Факты Жоруктар кодексинин 75-беренеси ("Үй-бүлөлүк зомбулук") менен катталган. Баланын апасынан тосмо арыз түшкөн эмес.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Сокулукта алты жаштагы баласын сабоого шектелип милицияга жеткирилген өгөй ата убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Аталган факты Жоруктар кодексинин 75-беренеси ("Үй-бүлөлүк зомбулук") менен катталган. Мурдараак өгөй атасы Сокулук райондук милициясына жеткирилген.

"Жеткинчектин апасы тосмо арыз жазган жок, эгер келип түшө турган болсо мыйзам алкагында каралат. Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат", — деп белгилешти милициядан.

Буга чейин баланын сабалганы боюнча маалымат соцтармактарга тараган. Жеткинчектин денеси көгала болуп, бети шишип кеткен. Ошондой эле көзүнө кан уюган. Таякталган баланын сүрөтү дагы жарыяланган. Маалыматта киши аялдын экинчи күйөөсү жана андан кош бойлуу экени айтылган. Бойдон түшүп калуу коркунучу болгондуктан ооруканада жатканы кабарланды. Сабалган алты жаштагы наристе дагы ооруканада. Жаракатын аныктоо үчүн экспертиза дайындалган.

126
Белгилер:
камоо, милиция, өгөй ата, сабоо, жеткинчек
Тема боюнча
Сокулукта алты жаштагы бала катуу сабалып, энеси күйөөсүн айыптап жатат
Кыз талашкан. Бир жигитти алтоолоп сабаган Оштогу окуянын чоо-жайы

Антонина Шевченконун учакты башкарып, асманда калкыган видеосу

0
UFC уюмунун кыргызстандык мушкери Антонина Шевченко бир моторлуу учакты өзү баштарып, чакан авиациядагы жолу тууралуу кеп кылган берүү даярдалды.

"Путь Пилота" YouTube каналына "Пантера" каймана аты бар мушкер кыздын чакан авиациядагы жолу, өзү сатып алган учагы жана кантип учкуч болуп калгандыгы тууралуу айтып берди.

Спортчунун айтымында, ага учкуч болуу идеясы келгенине көп болгон. Бирок ал кыялын ишке ашырууну АКШга барганда көздөй баштаган. Былтыр февраль айында Лас-Вегас шаарында учкучтар мектебине барган. Алгачкы ирет сентябрь айында өз алдынча учуп, декабрда жеке учкучтун сертификатын алган.

Антонина Шевченко — UFC уюмунун кыргызстандык мушкери, белгилүү спортчу Валентина Шевченконун бир тууганы.

0
Белгилер:
Берүү, видео, Учкуч, Антонина Шевченко
Тема боюнча
Майянын кашын жарып салды. Шевченко чемпиондугун коргогон беттештин видеосу