Ош шаарындагы өрт: эки киши ооруканага түштү

© Фото / пресс-служба МЧСӨКМ кызматкерлери. Архив
ӨКМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык чалган аймактан 25 жаш бала куткарылып, 35 адам эвакуацияланган. Алардын ичинен эки киши ооруканага жаткырылды.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Кечээ Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттө эки киши түтүнгө ууланып, ооруканага түштү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, 27-октябрь күнү түштөн кийин Алай көчөсүндө жайгашкан №35 көп кабаттуу үйдөгү батирден өрт чыккан. Жалын саат 15:05те чектөөгө алынып, саат 15.34тө толугу менен өчүрүлгөн.

"Өрттүн кесепетинен 52 жаштагы бир эркек жана бир аял жабыркап, ооруканага жаткырылды. Кырсык болгон аймактан 25 жаш бала куткарылып, 35 адам эвакуацияланган", — деп айтылат билдирүүдө.

Тилсиз жоо менен күрөшүүгө ӨКМдин үч өрт өчүрүү бөлүмү, бир автошаты, башкармалыктын ыкчам топтору, Куткаруу кызматынан үч куткаруучу тартылган.

Кадамжайдагы үйдөн өрт чыгып, бир киши каза тапты

Өрткө жаш балдардын от менен ойношу себеп болгону айтылды. Келтирилген материалдык чыгым такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0