Токмоктун базарында чыккан өрттү толугу менен өчүрүштү

Жазылуу
Токмоктун базарындагы дүкөндөн чыккан жалынды өрт өчүрүүчүлөр болжол менен эки сааттан ашык алышып жатып өчүрүшкөн.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Токмоктогу "Булак" базарынын аймагында эт саткан дүкөндөн чыккан өрттү үч бригада өчүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Тилсиз жоо алгач чектөөгө алынып, андан кийин толугу менен саат 23:29да өчүрүлдү", — деп билдирди маалымат кызматы.

Эске салсак, ӨКМге Токмок шаарынын базарындагы дүкөндөрдүн биринен чыккан тилсиз жоо тууралуу маалымат 19:12де түшүп, ал жерге үч бригада жөнөп кеткени кабарланган.

Министрликтен кырсыктан жабыркагандар жок экендигин айтышты. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 600 чарчы метрге жеткен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0