Алайда жүк ташуучу унаалар кагышып, 51 жаштагы жүргүнчү көз жумду

© Sputnik / Андрей СтенинМногодневная пробка на федеральной трассе М-10 "Россия"
Многодневная пробка на федеральной трассе М-10 Россия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Howo унаасынын айдоочусу алган жаракатынан улам Алай аймактык ооруканасына жаткырылган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатканы айтылды.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Ош облусунун Алай районунда оор жүк ташуучу унаалар кагышып, бир адам көз жумду. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Ага ылайык, окуя 28-октябрга караган түнү болжол менен саат 2:30дар чамасында болгон. Анда Howo жана Daf үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаалар кагышкан. Биринчи көлүктүн айдоочусу Баткендин Сүлүктү шаарынын 55 жаштагы тургуну болсо, экинчиси Чоң Алай районуна караштуу Кашка-Суу айылынын 22 жаштагы жашоочусу экени айтылды.

"Daf үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу жолдо бузулуп токтоп турган Mersedes Benz үлгүсүндөгү унааны көрүп, башкарууну жоготуп койгон. Жыйынтыгында каршы тилкеде келе жактан Howo унаасынын кабинасынын оң капталын сүзүп токтогон. Кырсыктан анын ичиндеги жүргүнчү катары бара жаткан 51 жаштагы адам көз жумган. Ал Чүй облусуна караштуу Беловодское айылынын тургуну болчу", — деп айтылат маалыматта.

Ысык-Көл ЖКККББнын жетекчи орун басарынын аялы менен кызы жол кырсыктан көз жумду

Howo унаасынын айдоочусу алган жаракатынан улам Алай аймактык ооруканасына жаткырылган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0