Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясындагы коррупциялык иштерге шектелип, ведомство башчысы Калысбек Жумаканов. Архивдик сүрөт

31 млн. сом чыгым. УКМК Ветинспекциянын башчысын кармады

285
(жаңыланган 11:08 30.10.2020)
УКМКнын Коррупияга каршы кызматы мамлекеттик инспекциядагы коррупциялык схеманы аныкташкан. Анда ири мүйүздүү жана майда малга вакцина, биопрепараттарды сатып алууда бюджеттик каражат мыйзамсыз чыгарылып кеткени белгилүү болгон.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясындагы коррупциялык иштерге шектелип, ведомство башчысы Калысбек Жумаканов жана жетекчилик кызматтагы бир нече киши кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы мамлекеттик инспекциядагы коррупциялык схеманы аныкташкан. Анда ири мүйүздүү жана майда малга вакцина, биопрепараттарды сатып алууда бюджеттик каражат мыйзамсыз чыгарылып кеткени белгилүү болгон.

"Аталган инспекциянын айрым кызматкерлери мамлекет үчүн пайдасыз келишимдерди түзгөн. Тагыраагы, малдын саны көбөйтүлүп жана препараттар кымбатыраак баада көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, мамлекеттик сатып алуулар боюнча тендерлерге башка компаниялардын катышуусуна тоскоолдук кылынган", — деп айтылат билдирүүдө.

Кымырылган 9 млрд. сом: Салык кызматы Финполдун кинеси негизсиз экенин айтты

Эсеп палатасынын аудитинин жыйынтыгына караганда, ири мүйүздүү малга бруцеллезго каршы вакцина алуу боюнча бир гана фактыда мамлекетке 31 миллион сом чыгым келтирилгени аныкталган.

Тергөө иштеринин алкагында УКМКнын төргөө абагынын убактылуу кармоо жайына инспекция жетекчиси Калысбек Жумаканов, башкармалык жетекчиси, бөлүм башчысы жана лаборатория жетекчиси киргизилгени кошумчаланды.

285
Белгилер:
Калысбек Жумаканов, мал, вакцина, коррупция, УКМК
Тема боюнча
Вагондорду араалап салышкан. "Кыргыз темир жолунун" бөлүм башчысы кармалды
Мончо. Архив

ИИМ: мончодогу зордуктоо тартылган видео боюнча башка өлкөгө сурам жөнөттүк

177
(жаңыланган 00:00 25.01.2021)
Жапа чеккен адам кыргызча сүйлөп жаткандыктан, социалдык тармактын колдонуучулары ал кыргызстандык экенин белгилешүүдө. Деген менен милиция окуя Кыргызстанга тиешеси жок деп ишенимдүү айтып жатат.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Бишкек милициясынын маалымат катчысы Улан Жумаков жашы жете элек өспүрүмдү зордуктоого байланышкан видео Кыргызстандан сырт жакта болгонун, өлкөгө тиешеси жок экенин билдирди.

Окуянын видеосу социалдык тармактарда тарады. Жапа чеккен адам кыргызча сүйлөп жаткандыктан, социалдык тармактын колдонуучулары ал кыргызстандык деп айтышууда.

Бишкек милициясынын маалымат катчысы Улан Жумаков жашы жете элек өспүрүмдү зордуктоого байланышкан видео Кыргызстандан сырт жакта болгонун, өлкөгө тиешеси жок экенин билдирди
"Иликтөө жана издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аныкталган маалыматтарга ылайык, видео Кыргызстандан сырт жерде тартылган, бул факты биздин өлкөгө тиешеси жок. Кийинчерээк толук маалымат берилет. Баарыңыздарды чагымчылдыкка алдырбай, тастыкталбаган маалыматты таратпаңыздар", — деп Жумаков өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Ал эми бул боюнча билдирүү тараткан ИИМ видео боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жаткандыгын билдирди.

"Иликтөө иштеринин жыйынтыгы чыга электе окуяга тиешеси жок адамдын сүрөтү жана аудио социалдык тармактарга тарап жатат. Мындан улам шашылыш бүтүм чыгарбоогону өтүнөбүз. Кыргызстандан сырткары болгон бул окуя бир же эки эки жыл мурда тартылган. ИИМ ал боюнча башка өлкөгө иштин чоо-жайын билиш үчүн сурам жиберди", - деп айтылган ИИМ тараткан билдирүүдө.

Анткен менен кыргызстандыктар социалдык тармакта үрөй учурган бул окуя Кыргызстанда болгон деген божомолдорун айтып, пикирлерин калтырып жатат.

177
Белгилер:
мончо, зордуктоо, милиция, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Сурабалдиева педофилдер тууралуу маалымат база түзүүнү сунуштады
Кордолгон 13 жаштагы өспүрүм. Кыздын ата-энеси облустук сотко кайрылды
Морг. Архив

Баткен: эки айдан бери изделген аялдын сөөгү үйүнө жакын жерден табылды

725
(жаңыланган 17:53 24.01.2021)
Буга чейин маркум 2020-жылдын 19-ноябрында өзүнүн 17 жаштагы кызын жашы жете электигине карабастан турмушка узатып жибергендиги маалымдалган.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Баткен шаарында 23-ноябрдан бери изделип жаткан Мактым Кожонованын сөөгү табылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак билдирди.

Маалыматка ылайык, аялдын сөөгүн өзү жашаган үйдөн 200 метрдей алыс жерде өскөн бүлдүркөндүн арасынан милиция кызматкерлери тапкан. Анын маасысын иттер бакка көтөрүп келип, ошол аркылуу издөө иштери жүргүзүлгөн.

Аялдын сөөгү өлүкканага өткөрүп берилип, экспертиза дайындалганы айтылды.

Баткен ОИИБи ага милиция кысым көрсөткөн деген маалыматтар чындыкка дал келбей тургандыгын билдирген.

Маалым болгондой, 2020-жылдын 19-ноябрында Кожонова өзүнүн 17 жаштагы кызын жашы жете электигине карабастан турмушка узатып жиберген. Аталган факт Баткен ШИИБинде Жазык кодексинин 178-беренеси ("Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. 20-ноябрь күнү Баткен ШИИБине Кожонова жолдошу Мамасадык Рахманов менен суракка чакыртылып, бир саатка жетпеген убакытта кайра кетишкен.

23-ноябрда ал үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайрылып келген эмес. Буга чейин ал аял Өзбекстан менен Тажикстандан да изделип жатканы айтылган.

Аялдын алты баласы болгон, эң кичүүсү алты жашта экени айтылды.

725
Белгилер:
милиция, аял, сөөк, издөө, Баткен
Тема боюнча
Акча үчүн улгайган аял менен кишини өлтүргөн. Милиция шектүүнү кармады
Караколдо телеканалда иштеген аял каза таап, сөөгү өз үйүнөн табылды