Коронавирустан үч киши каза болду

© REUTERS / MARKO DJURICAСитуация в Сербии из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Сербии из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка ылайык, көз жумгандардын экөө Баткен облусунун, бири Жалал-Абад облусунун жашоочулары болгон.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирустан үч адам каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, көз жумгандардын экөө Баткен облусунун, бири Жалал-Абад облусунун жашоочулары болгон.

Ушуну менен COVID-19 Кыргызстанда 1 142 адамдын өмүрүн алды.

Коронавирус дагы 522 кишиден табылып, бир бейтап көз жумду

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда оору жуктургандардын саны 58 394кө жетсе, анын 49 522си дартты жеңип, айыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0